Малабаев Аргынбек Жумабекович — өмүр баяны

Жазылуу
Аргынбек Малабаев 1966-жылы 4-августта Чүй облусунун Асылбаш айылында төрөлгөн.

Билими:

1983 — Фрунзедеги темир жолчулар училищеси

1988 — Алматыдагы темир жол транспорту инженерлери институтун аяктаган

Эмгек жолу:

1983 – 1984 — "Фрунзе" локомотив станциясында слесарь;

1988 – 1997 — слесарь-оңдоочу, коштоочу, поезддин жетекчиси, резеврдеги коштоочуларды техникалык окутуу боюнча инспектор, жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча дирекцияда жүргүнчү вагондордун депосунда башкы инженер;

1997 – 1998 — жүргүнчүлөрдү тейлөө фирмасында жетекчинин биринчи орун басары;

01.1998 – 04.1998 — жүргүнчү вагон депосунун жетекчиси;

04.1998 – 07.2000 — Кыргыз темир жолу башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары;

07.2000 — 01.2001 — Кыргыз темир жолу башкармалыгынын жетекчиси;

2008 — 2010 — Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси;

2010 — 2015 — Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

2015 — 2016 — КР Транспорт жана коммуникациялар министри.

Сыйлыктары:

"Ардактуу темир жолчу" белгиси, КМШ мамлекеттеринин темир жол боюнча кеңешинин Ардак грамотасы, КР Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0