Суракматов Азиз Эмилбекович — өмүр баяны

Жазылуу
Азиз Суракматов 1971-жылы 22-ноябрда Чүй облусунда туулган. Эки жыл борбор калаанын мэри болуп эмгектенген. Кийин мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган.

Билими:

1994 — Кыргыз курулуш-архитектура институтун бүтүргөн;

1996 — Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктаган.

Эмгек жолу:

1994-1995 — "Шоола" ААКта өндүрүш мастери;

1995-1996 — "КР Керек-жарак коому союздарынын" өндүрүш мастери;

1996-1999 — "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасында инженер, архитектор, юрист кеңешчи;

1999-2000 — "Консалтинг-адистик фирмасы" ЖЧКсынын директору;

2002-2008 — "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасынынын башкы архитекторунун орун басары;

2000-2002 — Бишкек мэриясында бөлүм башчы, башкы адис;

2008-2010 — Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;

2008-2008 — Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси;

2012 — КР Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин мүчөсү;

2010-2015 — Жогорку Кеңештин депутаты;

2015-2018 — "Елизавета" ЖЧКсынын инвестициялар боюнча директору; 

2018-2020 — Бишкек шаарынын мэри;

2021-жылдын 26-майында мэр болуп турган кезде мыйзамсыз байыган деген шек менен кармалган. 

КРдин муниципалдык кызматынын II класстагы кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0