Жетигенова Алина Абдылдаевна — өмүр баяны

© Фото / предоставлено Алиной ЖетигеновойЫрчы Алина Жетигенова. Архив
Ырчы Алина Жетигенова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алина Жетигенова 1964-жылы 6-ноябрда Талас облусундагы Арал айылында төрөлгөн.

Мектепти аяктаган соң филармониянын алдындагы эки жылдык эстрадалык студияга кирген.

Чыгармачылыгы:

1982-1990 жылдары "Жетиген", "Ариет", "Таазим" тобуна ырдаган;

"Ысык-Көл-1988" сынагында баш байгени жеңип алган;

"Юрмала-1989" жаш таланттар сынагына катышкан;

1991-жылы Тарас Асанакуновдун "Роза гүлү" аттуу эстрадалык тобу ачылып Алина Жетигенова ырчы Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акуловалар менен биргеликте иштеген;

Бир аз убакыттан кийин топ жабылып, ырчылар өз өзүнчө "Айчүрөк", "Динара", "Алина" деген топторду ачышкан;

Репертуарындагы популярдуу ырлары: "Дасторкон", "Апама кат", "Кыздын сыры", "Арген", "Ал мен эмес", "Жаз" жана башка.

2011-жылы КРдин Эмгек сиңирген артист наамын алган.

Үй-бүлөлүү, үч баланы энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0