Төрөхан Багынбай уулу. Архивдик сүрөт

Төрөхан Багынбай уулу өмүр баяны

(жаңыланган 15:40 25.08.2018)
Төрөхан Багынбай уулунун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин таржымалынан окуңуздар.

Төрөхан Багынбай уулу 1994-жылы 14-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн.

Үй-бүлөсү:

Апасы Чолпон Жүзбаева башталгыч класс мугалими, Төрөхан үч эркек бир туугандын кичүүсү. Бойдок.

Билими:

2000-2007 — Киров орто мектеби;

2010 — Шералы Сыдыков атындагы спорт мектептин эркин күрөш бөлүмүн аяктаган;

2018 — Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Спорттук жетишкендиктери:

2015 — Түркиядагы грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байге;

2016 — Минскидеги грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында коло байге;

2017 — Санкт-Петербургдагы грэпплинг дүйнө кубогунда эки алтын (кимоночон, кимоносуз);

2018 — Бишкектеги грэпплинг боюнча Азия чемпионатында эки алтын (кимоночон, кимоносуз);

2018 — Индонезияда өткөн Азия чемпионатында жиу-житсу боюнча алтын медаль.

Белгилер:
Төрөхан Багынбай уулу, өмүр баян, Грэпплинг, джиу-джитсу, спорт
Нургүл Бакирова

Бакирова Нургүл Жакыповна өмүр баяны

(жаңыланган 11:51 22.04.2021)
Нургүл Бакирова 1973-жылы 22-апрелде Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында туулган.

Жогорку юридикалык билими бар.

Эмгек жолу:

  • 1995-1997 — Ош облустук прокуратурасы, стажер, тергөө бөлүмүнүн прокурору, облустук прокурордун жардамчысы;
  • 1997-1999 — Ош мамлекеттик университети, юридикалык факультеттин деканынын орун басары, "Адам укугу жана демократия" борборунун директору;
  • 1999-2003 — Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институтунда Атайын юридикалык дисциплина кафедрасынын башчысы;
  • 2003-2007 — Ош облустук сотунда судья;
  • 2007-2013 — Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары;
  • 2013-2015 — "Нур и Ко" юридикалык компаниясынын жетекчиси;
  • 2016-жыл, январь — эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси;
  • 2016-жыл, февраль — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2016-2018 — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 2018-2021 — КР Жогорку сот, судья.

Буга чейин Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымынын орун басары кызматында болчу. Кийин Гүлбара Калиева кызматтан алынган соң анын ордуна төрайымдын милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан.

2021-жылдын 22-апрелинде Жогорку соттун Судьялар кеңешинин жыйыны өтүп, Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп тандалды.

Белгилер:
Жогорку сот, таржымал, сот, өмүр баян, Нургүл Бакирова
Тема боюнча
Калиева Гүлбара Үтүровна — өмүр баяны
Костюмчан киши. Архив

Сыдык Карачев өмүр баяны

(жаңыланган 14:53 20.04.2021)
Журналист, жазуучу, адабиятчы, драматург Сыдык Карачев 1900-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Жылуу-Булак айылында туулган. Айрымдар анын 1901-жылы төрөлгөнүн жазып жүрүшөт.

Сыдык Карачевдин бала чагы, үй-бүлөсү жөнүндө маалымат жокко эсе. Окуу китептерде ал тууралуу учкай гана жазылган.

Билими:

Карачев эс тартканда Каракол шаарына келип татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношкон. Анын жардамы менен шаардагы жаңы тартип (жадид) мектебинен билим алган.

1919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде Кызыл гвардия бөлүмү түзүлүп, ага Карачев да катталган. Бул жерде ал улуу манасчы Саякбай Каралаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров менен бирге аскердик машыгуудан өтүп, кийин ак гвардиячыларга каршы согушуп, Бухара эмирлигин кулатууга катышкан.

Сыдык Карачев 1920-1922-жылдары Ташкенттеги аскер мектебинде окуп, бирок ден соолугуна байланыштуу бул окуудан чыгып, Караколдогу Союз кошчу уюмунда иштеген.

Советтик жана кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиев. Архив
© Фото / мемориальный музей-мастерская Гапара Айтиева
Эмгек жолу:

"Эркин-Тоо" гезитинин тунгуч саны жарык көрөөр алдында Сыдык Карачевди Ташкентке атайын чакыртышып, гезитке жооптуу катчы кылып дайындашат (Сыдык Карачев ага чейин 1919-жылдары  Алматыда чыккан "Көмөк" гезитинде аз убакыт болсо да иштеген деген божомол бар).

Карачев "Эркин-Тоо" гезитинде алты жыл эмгектенип, кийин 1930-жылы Оштогу "Кызыл пахтачы" гезитине жооптуу редактор болгон. Айтор, Карачев 1924-жылдан баштап басма сөз тармагында иштеген.

Чыгармалары:

Сыдык Карачевдин алгачкы ыры 1918-жылы татар тилиндеги "Шуро" гезитине жарык көргөн. Ал башында жалаң казак, татар тилдеринде жазганы айтылат. 1919-жылы "Көмөк" гезитине анын "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", "Алданган нур кызы", "Күкүк менен Зейнеп", "Ысык-Көл боюнда" аттуу аңгемелери басылып чыккан. Жазуучунун "Шаңдан, жүрөк", "Аялдар салтанаты", "Айылдагы курбума", "Досума" аттуу ырлары дагы бар.

СССРдин эл артисттери, белгилүү режиссерлер Төлөмүш Океев. Архив
© Sputnik / Александр Федоров
Сыдык Карачев тунгуч прозаик. Ал адабий чөйрөгө прозаик катары "Үйлөнүүдөн качты", "Сүйгөнүнө кошула албады", "Эрик таңында", айрыкча "Эрксиз күндөр" повести менен таанылган. Анын "Эрик таңында" жана "Эрксиз күндөр" чыгармалары өзүнчө китеп болуп чыккан. Кыска өмүрүндө ал "Борч", "Теңдик жолунда", "Төрага Зейнеп" аттуу үч пьеса жазган. Ошондой эле чет элдик акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон.

Сыдык Карачев 1937-жылы негизсиз репрессияланып, кийин каза болгон соң гана акталган.

Белгилер:
Сыдык Карачев, таржымал, Өмүр баяны
Тема боюнча
Жусуп Абдрахманов — өмүр баяны
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

(жаңыланган 10:44 23.04.2021)
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов шал менен ооруган бейтап акыркы жолу 1993-жылы катталганын айтты.

Балдар арасында церебралдык шал, талма жана бала эненин курсагындагы кезинде же төрөлүп жатканда алган жаракатынан улам баш мээнин жабыркашы эң негизги көйгөй. Нерв ооруларынын пайда болушунун себептери баланын тубаса кемтик менен төрөлүшү, аны шарттаган тукум кууган оорулар, ата-эненин ден соолугу, жашоо образы, эненин канынын аздыгы себеп болот. Бул тууралуу Нурмухамед Бабажанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

Анын айтымында, полиомиелитке каршы балдарды массалык түрдө эмдөөдөн улам азыр өлкөдө бул илдет менен ооруган адам жок.

"Полиомиелит же шал оорусу курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө кичинекей балдар менен өспүрүм курактагылар оорушат. Ошентсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар бар. Оору борбордук нерв системасын, биринчи кезекте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга кептей тургандыгы менен кооптуу. Вирус кан аркылуу жүлүнгө барып булчуңдарды иштете турган мотордук клеткаларды талкалайт. Ошондуктан баланын колу-буту иштебей майып болуп калат. Ошондой эле кээде жутуу жана дем алуу булчуңдары да шал болуп, өлүмгө алып келген учурлар бар. Эгер бала шал болуп калса кайра толук калыбына келе албайт. Кыргызстанда 1960-жылдары полиомиелит менен ооруп калып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо үчүн Ак-Сууда санаторий ачылган. Акыркы жолу шал менен ооруган бейтап 1993-жылы катталган. Ал эми 2010-жылы коңшу Тажикстанда ооругандар катталып, биз үчүн кооптулук жаралган эле. Мурда төрөт үйүндө эле балдардын оозуна шал оорусуна каршы дары тамчылатып койчу элек. Азыр, кудайга шүгүр, аталган илдет менен жабыркаган балдар жок. Бирок дүйнө жүзүндө оору дагы деле бар. Алсак, Кыргызстанга вирустун очогу бар Индия, Пакистандан адамдар келип-кетип жатышат. Ошондуктан азыр улуттук календарь боюнча балдар жылына төрт ирет полиомиелитке каршы вакцина алышы зарыл", — деди Бабажанов.

Дарыгер 2010-жылдан бери шал илдетинин белгилери болгон балдардын анализи тоңдурулуп Москвадагы Чумаков институтуна жөнөтүлүп, ал жактан диагноз коюлуп жатканын кошумчалады.

Белгилер:
өспүрүм, бала, илдет, вирус, нерв, полиомиелит, Нурмухамед Бабажанов
Тема боюнча
Өлкөдө балдарга полиомиелитке каршы вакцина сайыла баштады