Каденова Зууракан Ажимаматовна — өмүр баяны

Жазылуу
Зууракан Каденова 1971-жылы 2-декабрда, Ош облусунда төрөлгөн.

Билими:

1989 – 1994 — Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин аяктаган;

1995 – 1999 — Ош техникалык университетинин "Дифференциалдык теңдеме" адистигин бүтүргөн.

2007 — Ош техникалык университетинин "экономика" адистигин аяктаган.

2010 — Кыргыз-өзбек университетинин "Дифференциалдык башкаруу" адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1994 – 2007 — Ош техникалык университетинде окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысы, доцент;

2007 – 2009 — Кыргыз-өзбек университетинде "Компьютер жана маалымат системасы" кафедрасынын башчысы;

2008 – 2009 — Жогорку Кеңеште депутаттын консультанты;

2009 – 2010 — Кыргыз-өзбек университетинин Кызыл-Кыя филиалынын директору;

2010 – 2011 — Кыргыз-өзбек университети, дистанциялык окутуу жана окуу процессин маалыматташтыруу борборунун жетекчиси;

2011 – 2012 — Кыргыз-өзбек университети, "Билим берүүдөгү маалымат технологиясы" кафедрасынын доценти;

2012 – 2013 — Билим берүү министринин орун басары;

2013 — Ишкердик жана социалдык өнүктүрүү институтунун ректорунун орун басары;

2015 — Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;

Илимий даражасы:

Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. 50дөй макала, 6 окуу-методикалык иштердин жана эки монографиянын автору.

Жаңылыктар түрмөгү
0