Исаев Талантбек Кедейканович — өмүр баяны

© Sputnik / Азамат АралбаевИсаев Талантбек Кедейканович
Исаев Талантбек Кедейканович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талантбек Исаев 1966-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин "тарых", 1994-жылы "укук таануу" адистиктери боюнча бүтүргөн. 1985-1987-жылдары советтик армиянын катарында Германияда кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу:

1990-1995 — КР ИИМинин саясий бөлүмүндө инструкторлуктан тарта бир катар кызматтарды аркалаган;

1995-1996 — КР ИИМинин Кадр башкармалыгынын Топтоо, кызмат өтөө жана эсеп бөлүмүнүн инспектору;

1997-2004 — КР ИИМинин Күзөт башкармалыгынын полк командиринин орун басары;

2005-2007 — ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт кызматы департаментинде полк командири;

2007-2008 — КР ИИМинин ички коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси;

2008 –2009 — ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт кызматы департаментинин жетекчиси;

2009 —2011 — КР ички иштер министринин орун басары;

2011-2012 — КР ИИМинин тарнспорт башкармалыгынын башчысы;

2012-2014 — КР ИИМинин жол кайгуул кызматынын жетекчиси;

2014-2017 —КР ИИМинин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси;

2018-жылдын 11-октябрь күнү кайрадан ИИМинин атайлаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Милициянын генерал-майору.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0