Иманалиев Данияр Шаршенбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамминистра экономики КР Данияр Иманалиев
Замминистра экономики КР Данияр Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Данияр Иманалиев 1980-жылы 21-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими:

2003 — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен "ишканалардын экономикасы" адистигине ээ болгон;

2012 — Япониянын Киото шаарындагы Ритцумейкан университетин "Экономикалык өнүктүрүү" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2004 — Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Инновация" мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору, инновацияларды ишке киргизүү жана инновациялык технологияларды мониторингдөө бөлүмүнүн 1-категориядагы адиси;

2004 – 2006 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жаштар иши боюнча комитетинде координатор;

2006 — Финансы министрлигинин бюджеттик саясатты башкаруунун орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси;

2007 — Финансы министрлигинин саясатты иштеп чыгуу тобунун бюджеттик маселелер боюнча эксперти;

2009 — Финансы министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгында фискалдык тобокелдиктерди башкаруу секторунун башчысы;

2009 – 2010 — Борбордук өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттигинин бюджеттик кызматынын эксперти;

2012 – 2014 — Өкмөттүн аппаратында аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;

2014 — Өкмөттүн аппаратында экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;

2014 – 2015 — Өкмөттүн аппаратында экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча секторунун башчысы;

2015 – 2018 — Экономика министринин орун басары;

05.2018 – 10.2018 — Өкмөттүн аппаратында экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

10.2018 — КР президентинин аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы.

Башка маалыматтар.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0