Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич — өмүр баяны

Жазылуу
Алиясбек Алымкулов 1971-жылы 5-майда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында төрөлгөн.

Билими:

1993 – 1997 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган;

2007 – 2009 — КР Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясы, эл аралык мамилелер факультети, саясат таануу багыты боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

1989 – 1991 — Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1992 – 1997 — Россияда жеке ишкерлик менен алектенген;

2004 – 2007 — "Буудай" мамлекеттик ишканасынын сатуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

2007 – 2010 — "Торговый дом трубной металлургической компании" ЖАКтын Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Афганистандагы расмий өкүлү, "Российско-Кыргызская трубная компания" ЖЧКсынын башкы директору;

2008 – 2010 — "Эл Газ КДЖ" ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;

2010 – 2011 — Убактылуу өкмөттүн декрети менен КР Жаштар иши министри болгон;

2011 – 2014 — КР Жаштар, эмгек жана иш менен камсыздоо министри;

2016-жылдын июнь айынан тарта Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу.

Башка маалыматтар:

2010-жылы Апрель окуяларына катышып, башына эки жолу ок жеген;

Үй-бүлөлүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0