Жыйындагы мамлекеттик кызматкер. Архив

Максат Дамир уулу өмүр баяны

478
Максат Дамир уулу 1985-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. 2008-жылы Кыргыз агрардык университетин аяктаган. Кийин АКШнын Вартбург колледжинде экономика, Кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунда (KRJC) бизнес башкаруу адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

2007-2008 — Counterpart International Inc. ишканасында программалык менеджер;

2009 — "Мол Булак Финанс" компаниясында экономист;

2009-жылдан азыркы күнгө чейин — Kyrgyz Tour Service компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири;

2010-2011 — Соода жана бажыны либерализациялоо боюнча аймактык долбоордун (USAID) Борбордук Азиядагы эксперттик өнөктөштүк боюнча координатору;

2014-2015 — CAI Consulting консалтинг жана иликтөө борборунун аналитиги;

Акыркы жылдары "КР Жогорку Кеңеши менен кызматташуу" жана "Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү" программаларында эмгектенип жүргөн.

2018-жылдын 20-ноябрында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

478
Белгилер:
өмүр баян, Максат Дамир уулу
Тема боюнча
Туризм департаментине жаңы жетекчи дайындалды
Ырчы Нурлан Насип жубайы Асел Кадырбекова менен. Архивдик сүрөт

Кадырбекова Асел Кадырбековна өмүр баяны

6461
(жаңыланган 12:07 27.06.2020)
Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. 29 жашта.

Билими:

  • Ош облусундагы Финансы-юридикалык колледжинде билим алган;
  • Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде окуган.

Чыгармачылыгы:

2010-жылдары сахнага "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чыккан.

Репертуарында "Кыя албайм", "Эркелет", "Жаныңда болсо дейм", "Жаз жамгыры" аттуу ырлары бар.

Үй-бүлөлүү. Ырчы Нурлан Насиптин жубайы. Бир кыздын энеси.

6461
Белгилер:
чыгармачылык, ырчы, Өмүр баяны, Асел Кадырбекова
Тема:
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы
Тема боюнча
Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова комада жатат
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив

Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич өмүр баян

8211
(жаңыланган 21:19 15.06.2020)
Мухаммедкалый Абылгазиев 1968-жылы 20-январда Кочкор районунда туулган.

Билими:

  • 1994 — Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтун "агроном" адистиги боюнча аяктаган. 
  • 1997 — Кыргызстан эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1994 — 1995 — "Кыргызстан" финансы-агроөнөржай директорунун орун басары;
  • 1995 — 1997 — "Ажар" ишканасынын аткаруучу директору;
  • 1997 — 1998 — Өкмөт алдындагы Мамлекеттик орто жана чакан бизнести колдоо фондунун насыялоо бөлүмүнүн эксперти;
  • 1998 — 1999 — Биринчи май районунун калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын директору;
  • 1999 — 2003 — Бишкектин калкты иш менен камсыз кылуу департаментинин директору;
  • 2003 — 2003 — Социалдык фонддун ички аудит башкармалыгынын башчысы;
  • 2003 — 2007 — Социалдык фонддун Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;
  • 2007 — 2009 — Социалдык фонддун аппарат башчысы;
  • 2009 — 2010 — Социалдык фонддун төрага орун басары;
  • 2010 — 2016 — Социалдык фонддун төрагасы;
  • 2016-жылдын 13-апрелинен тарта биринчи вице-премьер-министр. 22-августта Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин аткарган;
  • 26.08.2017 — 12.09.2017 — КР президентинин кеңешчиси;
  • 12.09.2017 — 16.03.2018 — КР президент аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 16.03.2018 — 20.04.2018 — КР президент аппаратынын жетекчиси;
  • 2018-жылдын 20-апрелинен тарта КР премьер-министри;
  • 2020-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын өкмөт башчылыгынан кетүү боюнча арызын берди.
8211
Белгилер:
өмүр баян, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема:
Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы
Тема боюнча
Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды
Сатылган радиожыштык: "Ала-ТВ" компаниясынын изделген түптөөчүсү кармалды
Премьер Абылгазиев ишке чыктыбы? Маалымат катчынын жообу
Лабораториядагы реагенттер. Архивдик сүрөт

Россиянын коронавируска каршы вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өттү

0
(жаңыланган 11:22 12.07.2020)
Окумуштуулардын айтымында, вакцина сайылган ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчи тобу 20-июлда ооруканадан чыгат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россияда иштелип чыккан коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Сеченов университетинин Трансляциондук медицина жана биотехнология институтуна шилтеме кылып жазып чыкты.

Аталган илимий мекеменин директору Вадим Тарасовдун айтымында, вакцина сайылган ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчи тобу 20-июлда ооруканадан чыгат.

Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү

"Сеченов университети дүйнө жүзүндөгү биринчи вакцинанын сыноосун ийгиликтүү аяктады", — деди Тарасов.

Ал ошондой эле вакцина сайдырган адамдар узак убакыт обочодо болгондуктан аларда көйгөйлөр жаралып, жардамга психологдор келгендигин кошумчалады.

Ал эми Медициналык паразитология институтунун директору Александр Лукашев ал изилдөөдө дарыны колдонуу адамдын ден соолугуна коопсуз экендигин билүү зарыл болгондугун айтты.

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

Эске сала кетсек, июндун ортосунда РФтин Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинанын эки түрүн клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергенин жар салган. Препараттар Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан.

Сыноо Коргоо министрлигинин Бурденко атындагы госпиталында жана Сеченов медицина университетинде ыктыярчыларга жүргүзүлүүдө.

0
Белгилер:
сыноо, вакцина, изилдөө, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты
Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү
COVID: "Авифавирди" амбулатордук түрдө колдонууга уруксат суралууда