Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович — өмүр баяны

© Фото / сайт Министерства транспорта и дорог КРЗам министра транспорта и дорог КР Женишбек Ногойбаев
Зам министра транспорта и дорог КР Женишбек Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңишбек Ногойбаев 1957-жылы 8-майда Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1974-1979-жылдары Киров атындагы Урал политехникалык институтун электрондук техниканын инженер-механиги адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1979-1985 — Фрунзе шаарындагы электрвакуумдук машина куруу заводу, мастер, инженер-технолог, программист, техникалык бюронун жетекчиси;

1985-1987 — Сары-Жаз тоо байытуучу комбинат, базанын начальниги;

1989-1991 — Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин пландык комиссиясынын илимий-экономикалык борбору, директор, коммерциялык директор;

1991-1994 — "Кадам" ЖЧКсынын директору

1994-1997 — Кыргыз-орус "ГРАНиК" биргелешкен ишканасынын директорунун орун басары;

1997-1998 — Бишкек мэриясынын Биринчи май райондук көрктөндүрүү инспекциясынын начальниги;

1998-1999 — Бишкек мэриясынын Биринчи май райондук администрациясында курулуш жана коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы;

1999-2001 — "Жанар" АКтын (мурунку ЭВМ) сырткы экономика байланыштары жана маркетинг боюнча вице-президенти;

2006-2013 — "Бишкекмашинакуруу заводу" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү, Сатуу жана маркетинг башкармалыгынын башкы менеджери;

2013-2017 — "Бишкек автовокзал" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

2017-2018 — "Кыргыз автобекет" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

15.2.2018 — транспорт жана жолдор министринин орун басары;

Жаңылыктар түрмөгү
0