Тотонов Нурбек Темирбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЦИК КРТотонов Нурбек Темирбекович
Тотонов Нурбек Темирбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурбек Тотоновдун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуздар.

Нурбек Тотонов 1977-жылы 18-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылында туулган.

Билими:

1999 – 2004 — Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Дүйнөлүк экономика факультетин аяктаган;

1999 – 2004 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юриспруденция факультетин бүтүргөн;

2013 – 2015 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Теология факультетинен билим алып, дин таануучу адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу

2009 – 2011 — "АсманТирек" ЖЧКсынын башкы директору;

2011 – 2012 — "Жалалабадэлектро" ЖЧКсынын Ревизиялык комиссиясынын мүчөсү;

2012 – 2014 — "Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын фонду" мамлекеттик ишкананын директору;

2014 — "Кетмен-Төбө көк бөрү федерациясынын" президенти;

2014 — Бишкек шаарынын оор атлетика федерациясынын президенти;

2018 — КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында "Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаты (2018-жылдын 26-октябрында Акылбек Жамангуловдун ордуна депутат болуп келген).

Башка маалыматтар:

Кыргыз, орус тилдерин билет;

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0