Кыргызстанда жана ааламда. 10-январда кандай окуялар болгон

© AP Photo / Jacob HarrisБириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын биринчи жыйыны. 1946-жыл
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын биринчи жыйыны. 1946-жыл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн күнгө бейшемби, 10-январь. Жылдын бүтүшүнө 355 күн калды.

Түрдүү жылдары 10-январда Кыргызстанда жана ааламда болгон маанилүү окуяларды Sputnik Кыргызстан тизмелеп чыкты. Бул күнү маанилүү жыйындар башталып, бир катар президенттер жарыкка келип, айрымдары о дүйнө салган.

Кыргызстанда:

1908-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин депутаты мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатов төрөлгөн. Анын аты Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине да берилген.

1971-жылы үчтеректик үч ырчы кыздын кенжеси Лира Райымбекова туулган. Анын Анапия, Дилбар аттуу эжелери бар. Учурда Лира Райымбекова Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында иштейт.

Дүйнөдө:

1863-жылы Лондондо дүйнөдөгү эң биринчи метро ачылган. Анын узундугу 3,6 чакырымды түзгөн.

1946-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын биринчи жыйыны ачылып, ага 51 мамлекеттин өкүлү катышкан. Бүгүнкү күнү аталган уюмга 193 мамлекет мүчө.

Жарык дүйнөгө келгендер:

1883-жылы орус жазуучусу, публицист Лев Толстой жарык дүйнөгө келген.

1913-жылы Чехословакиянын акыркы президенти Густав Гусак туулган.

Көз жумгандар:

1971-жылы Габриэль Шанель каза болгон. Бул аял XX кылымда мода айдыңында төңкөрүш жасап, Коко Шанель деген ат менен калың журтка белгилүү болгон.

1970-жылы советтик учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры, полковник Павел Беляев каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0