Динара Кемелова. Архивдик сүрөт

Кемелова Динара Амантуровна өмүр баяны

189
(жаңыланган 18:50 15.01.2019)
Динара Кемелова 1971-жылы 24-июлда төрөлгөн.

Билими:

1988 – 1993 — Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинен эл аралык укук адистиги боюнча билим алган;

2012 – 2014 — БУУнун университетинин туруктуу өнүгүү жана тынчтык институтунда аспирантурада окуган;

2015 — Токио университетинин туруктуу өнүгүү жана глобалдык лидерлик демилгелери программасы боюнча дипломун жана Бириккен Улуттар Уюмунун университетинин туруктуу өнүгүүнү тереңдетип үйрөнүү институтунун дипломун алган.

Эмгек жолу:

1993 — КР Тышкы иштер министрлигинин эл аралык укук бөлүмүндө үчүнчү катчы;

1995 – 2004 — Эл аралык укук департаментинде экинчи катчы, кеңешчи, кийин жетекчинин орун басары болгон;

02.1999 – 06.1999 — Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде кеңешчи;

2004 – 2008 — Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде биринчи катчы;

2008 — КР Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин консулдук укук бөлүмүнүн башчысы;

10.2008 — Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директорунун орун басары;

02.2010 — Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директору;

08.2010 – 07.2012 — КР тышкы иштер министринин орун басары;

09.2015 – 01.2019 — КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

01.15.2019-жылдан тарта Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси.

Башка маалыматтар:

Толук ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангы бар.

2009-жылы өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

2017-жылы КР президенти менен Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын алган.

189
Белгилер:
биография, өмүр баян, Динара Кемелова