Кыздардын уйкусун бузуп... Дарбазачы Кутман Кадырбековдун таржымакалы

© Фото / пресс-служба ФФКРКубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарбазачы Кыргызстандын курама командасы менен оюн талаасына алгачкы жолу чыкты.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков Азия кубогунун алкагында Түштүк Корея менен беттеште алгачкы жолу негизги голкипер катары ойноду.

Тилекке каршы, бул таймашта кыргыз футболчулары жеңишке жете алган жок. Корей футболчулары мыктылыгын көрсөтүп, талаада топко көбүрөөк ээлик кылганы менен кыргызстандык команданы дарбазачы Кутман Кадырбековдун чеберчилиги сактап жатты.

Sputnik Кыргызстан 90 мүнөт ичинде күйөрмандардын көңүлүнөн орун таба алган оюнчу тууралуу сураштырып көрдү.

Кутман 1997-жылдын 13-июлунда туулган. Дарбазачы болууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар: бою — 192 сантиметр, салмагы — 76 килограмм.

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Дарбазачы Кадырбеков: кореялыктардын көп оюн ишке ашырган жокпуз
Кадырбеков кичине кезинен бери бишкектик "Дордой" клубунда ойноп келе жатат. Үч жыл мурда Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасында (U-19) Азия кубогунун тандоо туруна катышкан. Анда команда Ливан, Катар жана Оман футболчуларына утулуп калган. Ошондо көп голдорду киргизип жибергендиги үчүн социалдык тармактарда катуу сынга алынып, андагы командалаштарынын айтымында, абдан сарсанаа болгон.

"Дордойдун" экинчи командасында 2017-жылы Кыргызстандын чемпиону болгон.

Клубдун башкы командасынын катарында 2018-жылдын февраль айында түрмөнстандык "Ахал" командасы менен болгон беттешке чыккан. Анда оюн 2:2 эсебинде аяктаган.

Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришкендей, Кутман буга чейин курама команда менен жолдоштук дагы, расмий дагы беттештерге катышкан эмес.

"Дордой" клубунан айтып беришкенине караганда, Кадырбеков өтө жөнөкөй. Учурда студент болгондуктан, футбол ойногонго дагы, окуусуна дагы жетишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0