Билими:
1981-1986 — Екатеринбург шаарында жайгашкан Горький атындагы Урал мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган;
1989-1992 — Москва шаарындагы Ломоносов атындагы Москва университетинен аспирантураны окуган. Философия илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолу:
1986-1989 — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучу;
1994-1995 — Тышкы иштер министрлиги, КМШ башкармалыгы, атташе, үчүнчү катчы;
1995-1998 — Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги, экинчи катчы, биринчи катчы;
1999-2001 — Президенттин адимнистрациясы, президенттин маалымат кызматы, референт;
2001-2002 — Тышкы иштер министрлиги, эл аралык коопсуздук башкы башкармалыгы, жетекчи;
2002-2005 — Кыргызстандын Индиядагы элчилиги, кеңешчи;
2005-2005 — Тышкы иштер министрлиги, эл аралык экономикалык кызматташууну пландоо башкармалыгы, жетекчинин орун басары;
2005-2009 — Тышкы иштер министрлиги, КМШ департаменти, директор;
2009 — Тышкы иштер министрлиги, статс-катчы;
2010-жылдын 25-ноябрынан тарта Тышкы иштер министрлигинде статс-катчы;
Ушу тапта Франция жана Бенилюкс мамлекеттеринде Кыргызстандын элчиси болуп кызмат өтөп келет.
Үй-бүлөлүү.
Билими:
Эмгек жолу:
Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.
Билими:
Эмгек жолу:
2012 — ишкерлик менен алектенип, бир нече долбоорлорду ачкан:
2016-2019 — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
Белгилүү болгондой, милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу КРдин мыйзамын бузуу болуп саналат. Ошондуктан ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда айдоочулар коом үчүн өтө зарыл жана чоң иш аткарып жатканын эстен чыгарбашы керектиги белгилеген.
"Эгер чагымчыл иштерге жол берилип, коомдук тартип бузула турган болсо, ошондой эле коомдук транспортто же көчөдө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, менчик жана мамлекеттик мүлктөр жабыркаса, КРдин мыйзамына ылайык олуттуу чаралар көрүлөт", — деп эскерткен ШИИБ.
Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабын койгон. Мэрия аталган маселе акырындык менен чечилерин, маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн буга чейин айткан.
ШИИБ айдоочуларга кагаз түрүндө эскертүү таратылганын белгиледи. Анда кокус коомдук тартип бузула турган болсо, мэрия жеке менчик фирмалар менен кызматташууну карап чыга турганы жазылган.