Салымбеков Аскар Мааткабылович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Основатель торгово-рыночного комплекса "Дордой" Аскар Салымбеков
Основатель торгово-рыночного комплекса Дордой Аскар Салымбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскар Салымбеков 1955-жылы 9-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.

Билими:

1977 — Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган;

1990 — Ушул эле жогорку окуу жайдын экономика факультетин бүткөн.

Эмгек жолу:

1977 – 1979 — Дене тарбия институтунда комсомол комитетинин катчысы;

1981 – 1986 — Кыргызстандын ЛКЖС БКнын (Лениндик коммунисттик жаштар союзунун борбордук комитети) жаштар жана жаш адистер бөлүмүнүн башчысы;

1986 – 1991 — Фрунзе шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы;

1991 – 1993 — Бишкек шаардык аткаруу комитетинин базарлар башкармасынын жетекчиси;

1993 – 1999 — "Дордой" ассоциациясынын президенти;

1999 – 2005 — Нарын облусунун губернатору;

2005 –2010 — Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарынын депутаты.

2005 — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган.

Башка маалыматтар:

"Дордой" ассоциациясынын ардактуу президенти.

Кыргыз Республикасынын "Көк бөрү" федерациясынын ардактуу президенти.

Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин мүчөсү.

2006-жылдан бери Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагы ассоциациясынын төрагасы.

Сыйлыктары:

"Эмгек каармандыгы үчүн", "Даңк" медалдары, III даражадагы "Манас" ордени, академик Леонтьев атындагы алтын медалы, Россия Федерациясынын "За заслуги перед Родиной и Отечеством", "Петр Великий" ордендери, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. "Руханият" эл аралык сыйлыгынын ээси.

Маалыматтар Интернеттеги ачык маалымат булактарынан топтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0