КР эл артисти Керим Тураповдун архивдик сүрөтү

Турапов Керим Ырысалиевич өмүр баяны

548
(жаңыланган 11:30 31.01.2019)
Керим Турапов 1959-жылы 10-октябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.

Билими:

1978-1981 — Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын ырдоо бөлүмү;

1981-1986 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту.

Эмгек жолу:

1985-1990 — Кыргыз телерадио корпорациясынын академиялык симфония оркестри;

1990 — Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти;

2002-2008 — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу;

2000-2010 — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын башкы директору;

2010-2014 — Асанкан Жумакматова атындагы академиялык симфониялык оркестрдин солисти;

2019-жылдын 31-январь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды.

Сыйлыктары:

Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1989), КР эл артисти (1995), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси (1997), Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык (2000), Эл аралык "Руханият" сыйлыгынын лауреаты (2001).

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

548
Белгилер:
Керим Турапов, Өмүр баяны
Портфель. Архив

Айдоочулук 9 категориясы бар. "Унаанын" жетекчиси Жокоевдин өмүр баяны

33
(жаңыланган 14:10 17.09.2021)
Рустам Жокоев 1987-жылы 6-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арчалы айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2010-жылы И.Раззаков атындагы техникалык университеттен "Жол кыймылын уюштуруу" адистигине ээ болгон. Учурда президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында билим алууда. 

Директор Государственного учреждения Унаа Рустам Джокоев в рабочем кабинете
© Фото / пресс-служба Государственного учреждения "Унаа"
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоев

Техникалык орто билимди 2001-жылы №47 кесиптик лицейдин "Айыл чарба өндүрүшү" бөлүмүнөн алган. Тракторист-машинист, III разряддагы слесарь оңдоочу. 2004-жылы №94 кесиптик лицейден электромеханик адистигине ээ.

Эмгек жолу:

  • 2010-2013 — "Билим-Агро" ишканасы, инженер-механик:
  • 9.03.2016 - 20.10.2016 — Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин Атайын технологиялык машиналарды каттоо боюнча Чүй-Талас аймактык бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 20.10.2016 - 13.04.2018 — Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо жана экзамен алуу бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 30.04.2018 - 09.03.2019 — Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо жана экзамен алуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 09.03.2019 - 17.09.2019 — Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн адиси;
  • 17.09.2019 - 29.07.2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 03.08.2020 - 14.12.2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик ишканасынын орун басарынын милдетин аткаруучу;
  • 12. 2020 - 09. 2021 — Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы "Кыргыз мамлекеттик "Ала-Арча" жаратылыш паркы" мамлекеттик мекемесинин директору.
  • 16.09-2021-жылдан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси.

Класстык чини: мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору.

А, А1, В, В1, С, С1, D, BE, CE — 9 категориядагы айдоочулук күбөлүктүн ээси.

 

33
Белгилер:
Рустам Жокоев, Өмүр баяны, таржымал
Алып баруучу Алексей Филатов. Архив

Алексей Филатов өмүр баяны

199
(жаңыланган 11:21 12.09.2021)
Алексей Филатов 1987-жылы Бишкекте туулган. Алып баруучу, продюсер, мамлекеттик телеканалдарга бир катар теледолбоорлорду алып чыккан.

2003-жылдан тартып Коомдук телерадио корпорациясында "Улуттук хит-парад" көңүл ачуучу программасын алып барып баштаган.

2007-жылдан тарта "Алексей Филатовдун бий мектеби" продюсердик борборун негиздеген.

2011-2016-жылдары "Кыргызстандын жаш мисси жана мистери", "Жайдын мисси жана мистери" сынактарына катышкан.

Бир нече ирет "Жылдын алып баруучусу" сыйлыктарын алган.

2021-жылы 12-сентябрда коронавирус оорусунан улам көз жумду.

199
Белгилер:
Кыргызстан, Алексей Филатов, алып баруучу, Өмүр баяны
Тема боюнча
Теле алып баруучу Алексей Филатов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

0
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

0
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот