Кыргызстанга келген Кытайдын элчи айымы туурасында эмне белгилүү? Өмүр баян

© Фото / пресс-служба МИД КРНовый посол Китая в Кыргызстане Ду Дэвэнь
Новый посол Китая в Кыргызстане Ду Дэвэнь  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ду Дэвэндин өмүр баяны, ишмердүүлүгү туурасында Sputnik Кыргызстандын таржымалынан окуңуз.

11-мартта Кыргызстанга дайындалган Кытай мамлекетинин жаңы элчиси КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго ишеним грамотасынын копиясын тапшырды.

Мурдагы элчи Сяо Синьхуанын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы 2019-жылдын февраль айында соңуна чыкты.

Ду Дэвэнь 1964-жылы Кытайдын түштүк-батыш тарабындагы Чунцин шаарында жарык дүйнөгө келген.

Эмгек жолун 1989-жылы Кытай ТИМинин алдындагы СССР жана Чыгыш Европа иштери боюнча департаментте эмгектенүүдөн баштаган.

  • 1991-1993 — Кытайдын Россиядагы элчилик кызматын аркалаган;
  • 1993–2000 — Кытай ТИМинин алдындагы Чыгыш Европа жана Борбор Азия иштери боюнча департаменттин III катчысы;
  • 2000–2001 — Кытайдын Тажикстандагы элчилигинин I катчысы;
  • 2001-2004 — Чыгыш Европа жана Борбор Азия иштери боюнча департаменттин жетекчиси;
  • 2004–2008 — Кытайдын Россиядагы элчисинин кеңешчиси;
  • 2008-2011 — Кытайдын мунай жана химиялык корпорациясынын Нефтини иштетүү жана чалгындоо боюнча эл аралык корпорациясынын башкы директорунун орун басары;
  • 2011–2014 — Кытайдын Алматыдагы башкы консулу;
  • 2014–2019 — Кытай ТИМинин Чет элдик иштерди жөндөө боюнча департаментинин директорунун орун басары;
  • 2019-жылдын февралынан тарта Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси.

Үй-бүлөсү бар, бир кыздын энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0