Осмонбетов Эмил Кубатович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПредседатель ГКПЭН Эмиль Осмонбетов
Председатель ГКПЭН Эмиль Осмонбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмил Осмонбетов 1967-жылы 6-январда Бишкек шаарында туулган.

Билими:

1991 — Фрунзе политехникалык институтун геологиялык сүрөткө тартуу, пайдалуу кен тилкелерин иликтөө адистиги боюнча аяктаган;

2003 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

05.1987 – 05.1987 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

11.1987 – 07.1988 — Фрунзе политехникалык институту, лаборант;

06.1989 – 10.1989 — "Кыргызгеология" геологиялык-экономикалык иликтөөлөрүнүн кыргыз методикалык экспедициясы, практикадагы техник-геолог;

08.1990 – 09.1990 — "Кыргызгеология" Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы. Окторкой ГИИ, 3-разряддагы жумушчу;

08.1991 – 02.1992 — "Кыргызгеология" геологиялык-экономикалык иликтөөлөрүнүн кыргыз методикалык экспедициясы. Геохимиялык отряд, геолог;

02.1992 – 11.1992 — "Кыргызгеология" ӨБ геологиялык-экономикалык иликтөөлөрүнүн кыргыз методикалык экспедициясы. Мумие чогултуу жана Чагылган толкундар ыкмасын иликтөө боюнча геологиялык-иликтөө отряды, Отряддын начальниги;

11.1992 – 03.1994 — Чүй облустук мамлекеттик администрациясы. Тоо-кен өндүрүү өнөр жайы боюнча бөлүмүндө алдыңкы адис, башкы адис;

03.1994 – 07.1996 — Чүй облустук экономика, өнөр жай жана материалдык ресурстар башкармалыгы, башкы адис;

07.1996 – 03.1998 — Чүй облустук мамлекеттик администрациясы, өнөр жай бөлүмү. Алдыңкы адис, башкы адис;

04.1998 – 04.2000 — Кыргыз тоо-металлургиялык институту. Илимий-окуу борбору, директор;

04.2000 – 05.2003 — Кыргыз тоо-металлургиялык институту, "Мамэкология" факультети, декан;

09.2006 – 05.2008 — "Жер-Үй Алтын" ЖАКы, геолог, башкы геолог;

06.2008 – 04.2012 — Mineral resources Company ЖЧКсы, башкы директор;

04.2012 – 03.2013 — Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиги, министрдин орун басары;

2013 – 2016 — Mineral resources Company ЖЧКсы, башкы директор;

2016-жылдын бери "Кыргызалтын" ААКта директорлор кеңешинин мүчөсү;

2018-жылдын сентябрь айынан тарта Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0