Сагинбаева Динара Зарлыковна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖК КРСагинбаева Динара Зарлыковна
Сагинбаева Динара Зарлыковна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Динара Сагинбаева 1958-жылы 2-январда Фрунзе шаарында туулган.

Билими:

  • 1981 — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун "педиатрия жана саламаттык сактоону уюштуруу" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1981 – 1982 — Акушердик жана педиатрия кыргыз илим-изилдөө институтунда дарыгер-педиатр;
  • 1982 – 1991 — Акушердик жана педиатрия кыргыз илим-изилдөө институтунда медициналык-социалдык изилдөө бөлүмүндө илимий кызматкер;
  • 1991 – 1993 — Саламаттык сактоо министрлигинин Эне жана баланы коргоо башкы башкармалыгында алдыңкы адис;
  • 1993 – 1997 — Акушердик жана педиатрия кыргыз илим-изилдөө институтунун үй-бүлөнү пландоо жана медициналык-социалдык бөлүмүнүн башчысы;
  • 1997 – 2002 — Акушердик жана педиатрия кыргыз илим-изилдөө институтунун медициналык-социалдык бөлүмүнүн башчысы;
  • 2002 – 2003 — Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо боюнча башкы башкармалыгынын алгачкы медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2003 – 2007 — Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары;
  • 2007 – 2011 — Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу башкы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 12.2011 – 09.2014 — Саламаттык сактоо министри;
  • 2014-жылдын ноябрынан тарта Улуттук госпиталдын башкы дарыгери.

Башка маалыматтар:

Медицина илимдеринин доктору. "Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси" чини бар. КРдин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0