Дыйканов Примберди Аширбекович — өмүр баяны

Жазылуу
Примберди Дыйканов 1957-жылы 10-январда Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган.

Билими:

  • 1978 — Ош мамлекеттик педагогикалык институту, математика боюнча мугалим.
  • 1998 — Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу жана менеджмент факультетинин мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча бир айлык курсунан өткөн;
  • 2008 — райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларынын курсунан окуган.

Эмгек жолу:

  • 1978 – 1981 — Кара-Кулжа районунун (мурдагы Совет) Ылай-Талаа айылындагы Карл Маркс атындагы мектепте математика сабагы боюнча мугалим;
  • 1981 – 1984 — Кара-Кулжа айылындагы Кара-Кулжа орто мектепте математика сабагы боюнча мугалим;
  • 1984 – 1988 — Кара-Кулжа орто мектебинин директорунун тарбиялык иштери боюнча орун басары, Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты;
  • 1988 – 1995 — Биймырза айылындагы Б. Бегиев атындагы орто мектебинин директору;
  • 1995 – 2003 — Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси;
  • 1995 – 2005 — Кара-Кулжа райондук кеңешинин депутаты;
  • 2003 – 2016 — Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2016 – 2017 — Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
  • 2017-жылдын 13-июнунан баштап Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким.

Кошумча маалыматтар:

1995-жылдан бери, башкача айтканда, 21 жылдан бери Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын мүчөсү.

Кыргыз, орус тилдерин билет:

Сыйлыктары:

  • 2005 — Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;
  • 2013 — КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы;
  • 2000 — Ош шаарынын 3000 жылдык юбилейине карата "Ош — 3000" эстелик медалы;
  • "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгиси;
  • "Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мыктысы" төш белгиси;
  • Кыргыз Республикасынын "Кыргыз тили" коомунун "Ыйык тил" төш белгиси;
  • 2014-жылы "Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу" ардак наамы ыйгарылган;
  • 2015-жылы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.

"Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси" мамлекеттик чини бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0