Исаков Жаныбек Маматович — өмүр баяны

© Sputnik / Болат ШайхиновПортфель на рабочем столе
Портфель на рабочем столе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаныбек Исаков 1970-жылы 3-октябрда Кадамжай районунун Орозбеков айылында туулган.

Билими:

1996-жылы Ош мамлекеттик университетин "тарых мугалими" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1991 — 1994 — Баткен облусундагы Пүлгөн айылындагы Михаил Ломоносов орто мектебинде мугалим;
  • 1994 — 1997 — Орозбеков айылындагы Тешеев атындагы орто мектепте мугалим;
  • 1997 — 2001 — Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • 2001 — 2005 — Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адисинен тарта аппарат жетекчилигине чейинки кызматтарды аркалаган;
  • 2005 — 2009 — Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;
  • 2009 — 2017 — Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары;

2017-жылдын июнь айынан тарта Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы — аким.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0