Алайчиев Бактыбек Болбурович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба райадминистрации Узгенского районаАким Узгенского района Бактыбек Алайчиев
Аким Узгенского района Бактыбек Алайчиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бактыбек Алайчиев 1965-жылы 12-апрелде Ош облусунун Ош шаарында төрөлгөн.

Билими:

  • 1981 – 1986 — Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан "окумуштуу агроном" адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

  • 1986 – 1987 — "Кызыл Октябрь" совхозунда бригадир, талаачылык агроному;
  • 1987 – 1992 — "Кызыл Октябрь" совхозунда Лениндик комсомолдук жаштар комитетинин катчысы;
  • 1992 – 1994 — "Кызыл Октябрь" совхозунда агроном;
  • 1994 – 1996 — Кызыл Октябрь айыл аймагында жер реформасы боюнча башкы адис;
  • 1996 – 2002 — Кызыл Октябрь айыл аймагында башкы адис;
  • 2002 – 2005 — Өзгөн райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгында алдыңкы адис;
  • 2005 – 2013 — Кызыл Октябрь айыл аймагынын башчысы;
  • 2013 – 2017 — жеке ишкер;
  • 2017 – 2018 — Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары;
  • 2018-жылдын июль айынан бери Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким.

Кошумча маалыматтар:

Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

КРдин маданиятынын отличниги. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0