Маматалиев Давранбек Маматалиевич — өмүр баяны

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМамлекеттик кызматкерлер. Архив
Мамлекеттик кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Давранбек Маматалиев 1977-жылдын 7-майында Ноокат районунун Атамерек айылында туулган.
© Фото / пресс-служба госадминистрации Ноокатского районаМаматалиев Давранбек Маматалиевич
Маматалиев Давранбек Маматалиевич — өмүр баяны - Sputnik Кыргызстан
Маматалиев Давранбек Маматалиевич

Билими:

  • 1994 – 1999 — Ош технологиялык университети, финансы-экономикалык факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча билим алган.
  • 2010 – 2017 — Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынан эл аралык мамилелер боюнча окуган.

Эмгек жолу:

  • 15.01.2000 – 02.02.2002 — "Намуна Ойл" ЖЧКсында бухгалтер;
  • 15.08.2002 – 05.07.2004 — "Рос-Банк" ЖЧКсында маркетинг боюнча адис;
  • 07.07.2004 – 25.03.2006 — "Кыргызстан" акционердик коммерциялык банкынын өндүрүштүк филиалынын бухгалтери;
  • 25.03.2006 – 12.01.2009 — Экономика жана финансы министрлигинин фискалдык стратегиялык реформалар башкармалыгынын I даражадагы адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси;
  • 12.01.2009 – 30.03.2012 — Финансы министрлигинин өнүктүрүү долбоорлорун колдоо башкармалыгында башкы адис;
  • З0.03.2012 – 15.04.2013 — Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды жана түрткү берүүчү гранттар башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу, пландоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 15.04.2013 – 22.06.2014 — Финансы министрлигине караштуу Аймактык финансыны көзөмөлдөө жана финансы органдары менен иштөө башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  • 22.06.2014 – 13.02.2017 — Финансы министрлигинин Капиталдык салымдарды пландоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 13.02.2017 — Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким.

Сыйлыктары: КР Бажы комитетинин Ардак грамотасы, Финансы министрлигинин Ардак грамотасы, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы.

Финансы-экономикалык иштин отличниги.

Үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0