Аскарова Айнура Алмасбековна — өмүр баяны

© Фото / из личного архива Айнуры АскаровойАскарова Айнура Алмасбековна
Аскарова Айнура Алмасбековна  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айнура Аскарова 1976-жылы 9-октябрда Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылында төрөлгөн.

Билими:

  • 1993 – 1998 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде билим алган;
  • 2006 – 2008 — КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясында «мамлекеттик башкаруудагы менеджмент» адистигине ээ болгон. Магистратураны бүтүргөн;
  • 2015-жылдан бери Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Политология" адистиги боюнча аспирантурада окуйт;

Эмгек жолу:

  • 1998 – 2003 — "Эркин Тоо" гезитинде баяндамачы;
  • 2003 – 2005 — "Замандаш" журналынын шеф-редактору;
  • 2005 – 2006 — Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы;
  • 2006 – 2007 — Жогорку Кеңештин төрагасынын маалымат катчысы;
  • 2007 – 2011 — Декреттик өргүүгө чыккан;
  • 2011 (март-май) — Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;
  • 2009 – 2015 — "Замандаш" саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү жана маалымат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2015 (август-октябрь) — "Кыргызстан" саясий партиясынын аялдар комитетинин куратору;
  • 2016 (март-декабрь) — Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын эксперти;
  • 2017 – 2018 — Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда окутуучу;
  • 2017 – 2018 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Аймак таануу жана культурология" кафедрасынын окутуучусу;
  • 2018 – 2019 — Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясында бөлүм башчы;
  • 2019-жылдын 29-майынан баштап "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.

Кошумча маалыматтар:

  • 2015 – 2017 — ӨКМдин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү;
  • 2017 – 2018 — КТРКнын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү;
  • Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0