Намазалиев Алтынбек Абдисаламович

Намазалиев Алтынбек Абдисаламович өмүр баян

3690
(жаңыланган 11:06 15.10.2020)
Чүй облусунун жетекчиси, өкмөттүн аталган облус боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевдин өмүр баяны тууралуу Sputnik Кыргызстандын таржымалынан таанышыңыз.

Алтынбек Намазалиев Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында 1981-жылы 17-майда туулган. Жогорку билимдүү. 

Билими:

2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

 Ишмердүүлүгү:

2003 Жарандык укук жана процесс кафедрасында окутуучу;

2000 – 2005 — Бишкек шаардык Биринчи май райондук прокуратурасы, стажер;
2005 – 2006-ж., февраль — Бишкек шаардык Прокуратурасы, стажер;
 2006 – 2007 — Бишкек шаардык Прокуратурасы, прокурор;
 2007 –  2011-ж., март — Бишкек шаардык Прокуратурасы, тергөөчү, бөлүм жетекчиси;

2012-2014 — Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун орун басары;

2014-жыл — Жайыл районунун прокурорунун орун басары;

2016-жыл, ноябрь — Жайыл районунун прокурорунун милдетин аткаруучу;

2016-жыл, декабрь — иштеги кемчиликтери үчүн башкы прокурордун буйругу менен кызматынан бошогон.

2017 – "Юргарант" ЖЧКсында аткаруучу директор;

2018-жыл, 11-июнь — Чүй облусунун Аламүдүн районудук админстрация жетекчиси, аким болуп дайындалган;

2019-жыл, 11-июнь — өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарымдуу өкүлү.

3690
Белгилер:
Алтынбек Намазалиев, Чүй облусу, Кыргызстан
Сулайманов Рахат Аскерович

Сулайманов Рахат Аскерович өмүр баяны

425
Сулайманов Рахат Аскерович 1975-жылы 29-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган.

Билими:

  • 1995-1999 — Казакстандагы Т. Жургенов атындагы театр жана кино боюнча мамлекеттик институтунда театр актеру жана кино адистиги боюнча билим алган;
  • 2018 — КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолу:

  • 1999-2001 — Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы сатиралык театрда актер;
  • 2001-2002 — жеке ишкер;
  • 2002-2005 — Улуттук телерадио корпорациясында кабарчы, "Замана" студиясында алып баруучу;
  • 2005-2006 — КООРТ телеканалында "Жума кадамы" берүүсүнүн жетекчиси, жаңылыктар кызматынын жооптуу редактору;
  • 2005 — "5-каналда" "Майдан" берүүсүнүн алып баруучусу;
  • 2007-2009 — "Ала-Тоо" маалымат программасынын жоопту редактору, башкы редактору, "Ала-Тоо аймактары" берүүсүнүн башкы редактору;
  • 2009-2010 — Ысык-Көл облусунун губернаторунун маалымат катчысы;
  • 2010-2012 — ЭлТР телеканалында башкы продюсер;
  • 2012-2013 — Каржы министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2012-2014 — "Санжыра" радиосунда "Шашкеге шашпай" уктуруусунун алып баруучусу;
  • 2013-2021 — УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2021-жылдын 12-январынан баштап "5-каналдын" директору.

Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.

425
Белгилер:
кызмат, Өмүр баяны, таржымал, Рахат Сулайманов
Абакиров Эльдар Курманбекович

Абакиров Эльдар Курманбекович өмүр баяны

307
(жаңыланган 12:43 06.01.2021)
Абакиров Эльдар Курманбекович 1981-жылы 14-апрелде Каракол шаарында туулган.

Билими:

  • 2002 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетин нейрон желеси жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча аяктаган;
  • 2004 — Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын экономика жана юридикалык факультетин бүтүргөн;
  • 2004 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде нейрон желеси жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча магистрлик даражасы ыйгарылган.
  • 2006 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин механика-математика факультетинин аспирантура даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2002 — Алматы шаарындагы "Казакстан темир жол транспорту илимий-изилдөө институту" ААКтын программист-аналитиги;
  • 2003 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун адиси;
  • 2004 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетектөөчү адиси;
  • 2005-жылдын март айынан сентябрга чейин Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2005-2010 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин директорунун орун басары;
  • 2010-2011 — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктык көзөмөл блогунда эксперт;
  • 2011-2016 — Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде окутуучу.

2012 — ишкерлик менен алектенип, бир нече долбоорлорду ачкан:

  • "D-Center" ЖЧК курулуш компаниясы;
  • textilekg.ru долбоору, Кыргызстанда тигүү цехтерин ачуу, анда тигилгендерди Россиянын базарларына сатуу;
  • kuppi.kg интернет долбоору (SMSBazar), "МобиМарт";
  • кеңсе буюмдары жана китептер сатылган "kalem&book" дүкөнү;
  • "GreenClinic" медициналык борбору;
  • минералдык жана ичүүчү сууларды даярдаган "Барбулак Минерал" ЖЧКсы;
  • пеноблок, брусчатка, шлакоблок, кооз таштарды өндүрүү;
  • "Даамдан" тез тамактануучу жайлары;
  • Чүй облусундагы чарбачылык (мал чарбачылыгы, дыйканчылык).

2016-2019 — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

307
Белгилер:
таржымал, өмүр баян, Элдар Абакиров
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

Кыргыз тарап Россияга "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуштады

0
(жаңыланган 22:31 23.01.2021)
КРдин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.

Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.

Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.

Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.

0
Белгилер:
жолугушуу, сунуш, өндүрүүчү, вакцина, коронавирус, Спутник V, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"ЭпиВакКоронадан" эмне күтүүгө болот? COVID-19га каршы вакцина тууралуу кеп
Венгрия Россиядан 2 миллион доза "Спутник V" вакцинасын алып жатат. Видео