Жакыпов Мураталы Манапбаевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ОАО "Кыргызтелеком"Жакыпов Мураталы Манапбаевич
Жакыпов Мураталы Манапбаевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мураталы Жакыпов 1974-жылы 21-мартта туулган.

Билими:

  • 1991-1997 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин автоматташтыруу системаларын башкаруу факультетин аяктаган. Адистиги - радиоинженер-конструктор.
  • 1999-2001 — Кыргыз-орус билим берүү академиясында Менеджер MPA (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу) даражасын, артыкчылык дипломун алган.

Эмгек жолу:

  • 1997-2005 — "Кыргызтелеком" ААКтын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүндө инженер, жетектөөчү инженер. Ушул эле ишкананын системаларды өткөрүү боюнча борбордун башчысынын орун басары;
  • 2005-2006 — ZTE компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маркетинг бөлүмүнүн менеджери;
  • 2006-2010 — "Скай Мобайл" ЖЧКнын жаңы технологиялар боюнча жетектөөчү инженери, ушул эле компанияда техникалык дирекциянын базалык станциясынын системалык бөлүмүнүн начальниги;
  • 2010-жыл, апрель - август — "Скай Мобайл" ЖЧКнын Ош аймактык бөлүмүнүн техникалык директорунун милдетин аткаруучу;
  • 2010-жыл, август – октябрь — "Скай Мобайл" ЖЧКнын техникалык директорунун милдетин аткаруучу;
  • 2010-2016 — "Скай Мобайл" ЖЧКнын Техникалык дирекциясынын эксплуатациялык байланыштар кызматынын жетекчиси;
  • 2017-жыл, январь - июль — "Радиорелейлик магистралдык телевидение жана радио берүү республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ААКтын сатуу жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018 — "Кыргызтелеком" ААКтын коммерциялык башкармалыгынын башчысы;
  • 2018-жыл, декабрь — Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн ("Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" деп аталган секторду өнүктүрүү программасында) техникалык консультант, башкача айтканда жабдуулар боюнча адис.
  • 2019-жыл, июнь — "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
Жаңылыктар түрмөгү
0