Айтматов Элдар Чыңгызович — өмүр баяны

© Sputnik / Михаил КлиментьевГосударственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию
Государственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдар Айтматов 1979-жылы 1-декабрда Москва шаарында төрөлгөн. Атасы залкар жазуучу Чыңгыз Айматов, энеси Мария Айтматова. Бир туугандары Аскар, Санжар жана Ширин Айтматова.

Билими:

  • 1999-2000-жылдары Лондондогу Америкалык колледждин "Бизнес жана менеджмент" бөлүмүндө окуган;
  • 2000-2005-жылдары Бельгиядагы көркөм искусство боюнча Падышалык академиянын "Сүрөтчү жана дизайнер" факультетин аяктаган;

Эмгек жолу:

  • 2008-жылдан тарта Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддун президенти;
  • 2014-жылдан бери Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинин жетекчиси;
  • 2019-жылдан тарта "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин президентинин орун басары;

Сүрөтчү жана дизайнерлик менен алектенет.

Орус, кыргыз, француз жана англис тилдеринде сүйлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0