Табалдиев Бусурманкул Бүркүтович — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПредседатель Государственного комитета национальной безопасности Кыргызской Республики Табалдиев Бусурманкул Беркутович
Председатель Государственного комитета национальной безопасности Кыргызской Республики Табалдиев Бусурманкул Беркутович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бусурманкул Табалдиев 1949-жылдын 11-мартында Талас облусунун Миң-Булак айылында туулган.

Билими:

1968-жылы Фрунзе Автожол техникумун, 1975-жылы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку мектебин аяктаган.

Эмгек жолу:

— 1968-1970 — Талас облусунун Киров районундагы автобазада автомеханик;

— 1971-1978 — Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы;

— 1978 — Кыргыз ССРинин Министрлер советинин аппаратында башкы референт;

— 1989-1991 — Кыргыз ССРинин юстиция министри;

— 1991-1992 — КРдин Монополияга каршы саясат мамлекеттик комитетинде төраганын биринчи орун басары;

— 1992-1997 — Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүндө бөлүм башчы;

— 1997-1998 — КР премьер-министринин аппаратында бөлүм башчы;

— 1998-2005 — Ачык акционердик коомдо директорлор кеңешинин төрагасы;

— 2005-2006 — КР президентинин администрациясынын Коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдүн башчысы, башкы прокурордун милдетин аткаруучу;

— 2006 — КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы;

— 2010 — 2011 — Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, КР президентинин администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдүн башчысы;

— 2011-2013 — КРдин Коргонуу кеңешинин катчысы;

— 2013-2015 — КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

— 2015-2016 — КРдин президентинин аппарат кеңешчиси;

Россиянын Биринчи даражадагы "Святой Петр" ордени менен сыйланган. Мындан тышкары, ведомстволук 14 сыйлыгы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0