Темирбаев Ашырбек Мойдунович — өмүр баяны

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевТемирбаев Ашырбек Мойдунович
Темирбаев Ашырбек Мойдунович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашырбек Темирбаев 1952-жылы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.

Билими:

  • 1975 — Кен инженери адистиги боюнча Фрунзедеги политехникалык институтун аяктаган;
  • 1990 — Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.
  • 1997 — Юриспруденция адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1973 – 1973 — Челябинск облусундагы Бакал шахта башкармасы, өткөөлчүнүн жардамчысы;
  • 1974 – 1974 — Кемеров облусундагы Дзержинский атындагы шахта, өткөөлчүнүн окуучусу;
  • 1975 – 1980 — "Таш-Көмүр" шахта башкармасы, өткөөлчү, кен мастери, участоктун начальнигинин орун басары;
  • 1980 – 1980 — "Таш-Көмүр" шахта башкармасынын комсомол комитетинин секретары;
  • 1980 – 1984 — Кыргазстан КПнын Таш-Көмүр шааркому, өнөр жай бөлүмүнүн башчысы;
  • 1984 – 1987 — Кыргызстан Компартиясынын БК, уюштуруу бөлүмүнүн инспектору;
  • 1987 – 1991 — Кыргызстан Компартиясынын БК экинчи секретарынын жардамчысы;
  • 1991 – 1991 — Кыргызстан КПнын Таш-көмүр шааркомунун биринчи секретары;
  • 1991 – 1991 — Таш-Көмүр шаар кеңеши, төраганын орун басары;
  • 1991 – 1993 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети, Төраганын жардамчысы;
  • 1993 – 1995 — КР Жогорку Кеңешинин Президиуму, Аппарат жетекчиси;
  • 1995 – 1996 — КР Жогорку Кеңеши, Аппарат жетекчиси;
  • 1996 – 2005 — КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны, Аппарат жетекчиси;
  • 2005 – 2008 — КР Жогорку Кеңеши, Аппарат жетекчиси;
  • 2009 – 2009 — КР өкмөтүнүн аппараты, жетекчинин орун басары;
  • 2009 – 2011 — КР өкмөтүнүн КР ЖКдагы өкүлчүлүгү, өкүлдүн орун басары;
  • 2011 – 2012 — Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Иш башкаруучу;
  • 2012 – 2019 — КР өкмөтүнүн КР Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангында.
  • 2019-жылдын 16-июлунда оорудан улам көз жумган.

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.

Сыйлыктары: "Манас-1000" юбилейлик медалы, Даңк медалы, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0