Торутаев Алтынбек Элимович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ГТСТорутаев Алтынбек Элимович
Торутаев Алтынбек Элимович  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтынбек Торутаев 1977-жылы 26-июлда төрөлгөн.

Билими:

  • 1994 – 1998 — Чүй университетин экономика багыты боюнча "Бажы иши" адистигин аяктаган.
  • 2004 – 2007 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Финансы жана кредит" адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 09.2000 – 03.2001 — Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын Салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноону контролдоо бөлүмүнүн инспектору;
  • 01.2003 – 03.2006 — Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Тармактык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • 03.2006 – 08.2007 — Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • 08.2007 – 06.2010 — Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын улук инспектору;
  • 06.2010 – 02.2011 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башкы инспектору;
  • 02.2011 – 08.2014 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  • 08.2014 – 04.2015 — Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысынын орун басары;
  • 08.2015 – 04.2016 — Мамлекеттик бажы кызматынын "Ош" бажысынын башчысы;
  • 04.2016 – 12.2017 — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
  • 12.2017 – 08.2018 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысы;
  • 08.2018 – 05.08.2019 — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
  • 2019-жылдын 5-августунан тарта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0