Заместитель министра внутренних дел Кыргызской Республики по южному региону Асанов Курсан Сатарович. Архивное фото

Асанов Курсан Сатарович өмүр баяны

25255
(жаңыланган 00:26 09.08.2019)
Курсан Асанов 1966-жылы 31-августта Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

1998 — Ош мамлекеттик университетин педагогика адистиги боюнча аяктаган;

2004 — ИИМдин академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1984-1986 — Советтик Армиянын катарында болгон;

1991-1992 — Милициянын атайын бөлүгүнүн (ОМОН) 6-ротадагы кызматкери;

1992-1994 — ИИМдин ыкчам аракеттеги бөлүгүнүн кызматкери (ОМСН), ротанын командири;

1994-1997 — Ош ОИИБдин полкунун 6-ротасынын командири;

1997-1999 — Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү;

1999-2000 — Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү;

2000-2001 — Базар-Коргон РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;

2001-2002 — Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;

2002-2004 — Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;

2004-2005 — Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

2005-2008 — Кара-Суу РИИБнин жетекчиси;

2008 — Ош ОИИБдин 9-бөлүмүнүн жетекчиси;

2008-2009 — Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;

2009-2010 — Өзгөн РИИБнин жетекчиси;

2010 — Ош ОИИБдин жетекчисинин орун басары, кийинчерээк жетекчиси;

2010 — Свердлов РИИБдин жетекчиси;

2010 — Ош ШИИБдин жетекчиси;

2010-2011 — КР Жогорку Кеңешинин депутаты;

2011-жылдан бери ички иштер министринин орун басары.

Наамдары:

Милициянын генерал-майору.

Үч кыз, бир уулдун атасы.

25255
Белгилер:
Өмүр баяны, жетекчи, Курсан Асанов, ОИИБ, ШИИБ, ИИМ
Азамат Дороев

Азамат Дороев өмүр баяны

222
Азамат Дороев 1987-жылдын 14-декабрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган. Билими жогорку. 2011-жылы Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы университетти аяктаган. Жаңы информациялар технологиясы боюнча адистикке ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2010-2012 — Бишкек шаарындагы №89 орто мектептин информатика мугалими;
  • 2012, апрель — Свердлов районундагы №18 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын уюштуруу иштери боюнча башкы адиси;
  • 2012, апрель-сентябрь — Свердлов районундагы Социалдык өнүктүрүү боюнча башкармалыктын Үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2012, сентябрь — Свердлов районундагы социалдык тармак жана уюштуруу бөлүмүнүн атайын адиси;
  • 2012, сентябрь - 2013, октябрь — Бишкек шаарындагы №18 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басары;
  • 2013 — Ленин районунун Турак жай чарба бөлүмүнүн жана жергиликтүү аймактык башкармалыктарды өнүктүрүү боюнча адиси;
  • 2014-2016 — "АлРус секьюрити" акционердик коомунун аткаруучу директору;
  • 2016-2017 — Бишкек мэриясынын муниципалдык администрациясынын Октябрь райондук жетекчисинин орун басары;
  • 2017, июнь-декабрь — Бишкек мэриясындагы уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысынын орун басары;
  • 2018, март-июль — Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2018-2020 — Октябрь райондук уюштуруу жана кадр иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2020, 27-июль — мэриянын муниципалдык администрациясынын Октябрь райондук администрациясынын жетекчиси — аким.
222
Белгилер:
аким, Октябрь району, Бишкек
Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева. Архив

Мозгачева Виктория Андреевна өмүр баяны

750
(жаңыланган 13:21 28.07.2020)
Виктория Мозгачева 1986-жылы 22-мартта туулган. Билими жогорку. 2008-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Экономикадагы маалыматтык системалар жана технологиялар адистигин окуган.

Эмгек жолу:

  • 2006-2008 — "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасында перспективдүү өнүктүрүү боюнча инженер;
  • 2008-2009 — "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын экономикалык-пландоо бөлүмүнүн инженер-экономисти;
  • 2009-2011 — "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасында экономикалык-пландоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 2011-2019 — "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директорунун орун басары;
  • 2019-2020 — "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директору;
  • 28.07. 2020 — Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри.
750
Белгилер:
Виктория Мозгачева, вице-мэр, ишкана, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Түлөбаев Балбак Зарлыкович — өмүр баяны
Аэрофлот авиакомпаниянын Airbus A320  учагы. Архив

"Аэрофлот" бир нече шаарга августтагы каттамдарын токтотту. Ичинде Бишкек да бар

12
(жаңыланган 13:47 06.08.2020)
Буга чейин КРдин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы буга чейин пландалып, билеттер сатылып кеткен август айындагы бардык каттамдарын токтотту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Компания учууларды кайра токтоткон шаарлардын тизмесинен Бишкекти дагы көрүүгө болот.

"Аэрофлот" дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен август айына пландалган каттамдарын токтотуп турууга мажбур болду", — деп айтылат компаниянын түшүндүрмөсүндө.

Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.

Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат

Эске салсак, Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинен Кыргызстанда Россия менен аба каттамдарынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Чек ара жабылгандан кийин миңдеген адамдар сыртта калып, учурда алардын көбү үйүнө кайтууну көздөп турушат.

12
Белгилер:
пандемия, миграция, учак, каттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп