Асанов Памирбек Жумалиевич — өмүр баяны

Жазылуу
Памирбек Асанов 1964-жылы 16-октябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Полтавка айылында туулган.

Билими:

1990 — СССР ИИМдин Волгоград шаарындагы Жогорку тергөө мектебин аяктаган.

Эмгек жолу:

1982 – 1985 — Советтик армиянын №69275 аскер бөлүгүндө кызмат бөлүмүнүн командири

1986 – 1990 — СССР ИИМдин Жогорку тергөө мектебинин курсанты;

1990 – 1992 — Кара-Балта шаардык милициясынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

1992 — Чүй облусунун Калинин РИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

1992 – 1993 — ИИМдин тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

1993 — ИИМдин тергөө башкармалыгынын экономика жана коррупциялык кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

1993 – 1994 — Чүй облусундагы Жайыл районунун экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

1994 – 1995 — Чүй облусундагы Жайыл районунун экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси;

1995 – 1997 — Чүй облусундагы Жайыл районунун экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;

1997 – 1998 — Чүй облустук милициясынын тергөө бөлүмүнүн экономикалык кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн башчысы;

1998 – 1999 — Чүй облусунун экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштери боюнча улук ыкчам кызматкери;

1999 – 2000 — Чүй облусунун экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;

2000 — Чүй облусунун экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери;

2000 – 2003 — Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн иликтөө боюнча жетекчисинин орун басары;

2003 – 2005 — Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси;

2005 — Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчи орун басары, жетекчиси;

2005 – 2008 — Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, жетекчиси;

2008 — Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин тергөө иликтөө боюнча орун басары;

2008 – 2010 — Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин иликтөө боюнча орун басары;

2010 – 2011 — Ош шаардык милициясынын башчысы;

2011 – 2016 — Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын жетекчисинин иликтөө боюнча орун басары;

2016 – 2017 — Бишкек шаардык ИИБдин тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси (Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен кызматына кайтарылган 20.06.2016);

2017 – 2018 — штатты кыскартуу жана кайтадан түзүү болгондуктан Бишкек ШИИБдин катарында турган;

2018 – 2019 — ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчиси;

2019-жылдын 13-августунан тарта КР ички иштер министринин орун басары.

Жаңылыктар түрмөгү
0