Атамбаев Сеидбек Алмазбекович — өмүр баяны

Жазылуу
Сеидбек Атамбаевдин өмүр баянын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин таржымал бөлүмүнөн окуңуздар.

Сеидбек Атамбаев 1976-жылы 2-июлда Москва шаарында төрөлгөн.

Билими:

1993 — Бишкектеги №67 мектепти аяктаган;

1998 — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-куруучу адистигин аяктаган;

2008 — КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынын менеджер адистигин бүтүргөн;

2008-жылы Германиядагы Invent аталышындагы кичи жана ири бизнести өнүктүрүү программасын окуп, стажировкадан өткөн.

Иш тажрыйбасы:

1999-2000 — үчүнчү категориядагы инженер-конструктор;

2000-2001 — механика жыйноо ишинде слесарь, экинчи даражадагы слесарь;

2002-2003 — "Асанда" ЖЧКсында инженер-конструктор;

2003-2004 — "Экол" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасынын жарнама жана сатуу бөлүмүнүн жетекчиси;

2005-2007 — "Кыргыз Автомаш" ишканасынын финансы-эсепчилик бөлүмүндө финансылык аналитик;

2007-жылдан тарта жеке ишкер.

Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

Улуу баласы Селим Атамбаев 2008-жылы туулган. Шахмат боюнча бир катар турнирлердин алтын байге ээси, жеке кармаштар боюнча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, таэквондо боюнча кара курдун ээси.

Экинчи уулу Али 2012-жылы төрөлгөн. Быйыл, 2019-жылы, таэквондо боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0