Абытов Алмасбек Ахунжанович — өмүр баяны

© Пресс-служба правительства КРВ Жогорку Кенеше начал работать новый постоянный представитель правительства — Алмасбек Абытов.
В Жогорку Кенеше начал работать новый постоянный представитель правительства — Алмасбек Абытов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмасбек Абытов 1966-жылы 1-майда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылында туулган.

Билими:

1988 — К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган;

1993 — КР Илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүргөн;

2006 — Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетин экономист-математик адистиги боюнча билим алган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

09.1988 — 07.1993 — Кыргызстандын Илимдер академиясында Машина таануу институтунун автоматтар жана пресстик комплекттер лабораториясында инженер, ага инженер, кенже илимий кызматкер;

11.1990 – 07.1993 — Кыргызстандын Илимдер академиясынын аспиранты;

07.1993 – 05.1994 — Кыргызстандын Инженердик академиясынын президентинин жардамысы;

05.1994 – 07.1995 — КР Экономика боюнча мамлекеттик комитетинин Өнөр жай экономикасы башкармалыгынын машина куруу жана конверсиялар бөлүмүнүн жетекчиси;

07.1995 – 06.1996 — КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басарынын жардамчысы;

06.1996 – 07.1998 — КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын жалпы бөлүм башчысы;

07.1998 – 05.2000 — КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Финансы-чарбалык башкармалыгынын жетекчиси;

05.2000 – 04.2005 — КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;

04.2005 – 02.2008 — КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин ишин камсыздоо бөлүм башчысы;

02.2008 – 11.2009 — КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын Экономика, бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;

11.2009 – 12.2010 — КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;

12.2010 – 12.2011 — КР эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри;

03.2012 – 06.2015 — КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;

06.2015 – 10.2015 — КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты;

09.2016 – 02.2019 — КР өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;

02.2019 – 07.2019 — КР өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары;

30-июлдан тарта өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары.

Башка маалыматтар:

Техникалык илимдердин кандидаты. 3-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0