Алымкулов Эмилбек Абдыраимович — өмүр баяны

© Фото / из сайта мэрии города Нарын Эмильбек Алымкулов новый полномочный представитель правительства в Нарынской области.
 Эмильбек Алымкулов  новый полномочный представитель правительства в Нарынской области.  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмилбек Алымкуловдун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин таржымалынан окуңуздар.

 

Эмилбек Алымкулов 1966-жылы 15-апрелде Нарын районунун Оттук айылында туулган.

Билими:

1988 — Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун артыкчылык диплом менен аяктап, зооинженер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

1988 - 1989 — Тянь-Шань районуна караштуу Коммунизм колхозунда зоотехник-селекционер, бир жылдан кийин ушул эле колхоздо башкы зоотехник;

1993 - 1994 — "Тянь-Шань" мамлекеттик асыл тукум заводунда башкы зоотехник;

1995 - 1997 — "ТАСИЗ-3" эл аралык долбоорунун Нарын облусу боюнча консультанты;

1997-1998 — "Хельветас" швейцариялык долбоорунун Нарын облусу боюнча башкы консультанты;

1998 - 2003 — "Тянь-Шань" мамлекеттик асыл тукум заводунда директор;

2003 - 2007 — "Улар" дыйкан чарбасынын башчысы;

2000 - 2005-жылдары Нарын райондук кеңешинин депутаты;

2007 - 2009 — Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

2009 - 2010 — Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

2010 - 2012 — Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

2012 - 2014 — КР өкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары;

2014 - 2016 — "Жогорку Нарын ГЭС" ЖАКнын башкармалыгынын мүчɵсү, аппарат жетекчиси кызматтарын аркалаган;

2017-жылдын февраль айынан тартып Нарын шаарынын мэри;

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулар союзунун башкармалыгынын тɵрагасы. Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун эмгек сиӊирген кызматкери.

Үй-бүлɵлүү, тɵрт баланын атасы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0