Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана жан сакчысы Канат Сагымбаев. Архивдик сүрөт

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин өмүр баяны

21582
(жаңыланган 10:14 27.09.2019)
Канат Сагымбаев 1985-жылы 1-июлда Ысык-Көл облусунда туулган. Кезинде "Бөрү" чек ара отрядында, Мамлекеттик күзөт кызматынын атайын аскерлеринин командири болгон. УКМКнын 9-кызматында иштеген.

2013-жылдан бери Алмазбек Атамбаевдин жанында. Бул мөөнөт ичинде экс-президенттин жардамчысынан тарта күзөт кызматынын жетекчисине чейин жеткен.

Кезинде "Бөрү" чек ара отрядында, Мамлекеттик күзөт кызматынын атайын аскерлеринин командири болгон. УКМКнын 9-кызматында иштеген.

2019-жылы сентябрь айында талапка төп келбейт деген айып менен УКМКнын 9-кызматындагы ишинен алынган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Маалыматтар ачык булактардан алынды.

21582
Белгилер:
биография, өмүр баян
Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева

Иманалиева Эльмира Сансызбаевна өмүр баян

20
(жаңыланган 23:14 06.08.2020)
Эльмира Иманалиева 1965-жылы 22-октябрда төрөлгөн. 1988-жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган. Учурда Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы.

Эмгек жолу:

  • 1988–1990 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин политология кафедрасында мугалим;
  • 1990–1993 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин политология кафедрасынын аспиранты;
  • 1993–1997 — Биринчи май районунун билим берүү бөлүмүнүн директору;
  • 1997–1999 — Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын социалдык маселелер боюнча комитетинин эксперти;
  • 1999–2001 — Социалдык чөйрөдөгү атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси, кийин КР президентинин алдындагы Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү улуттук комиссиясынын методология жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001–2002 — Бишкек шаарындагы Биринчи май билим берүү борборунун директору;
  • 2002–2005 — Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары;
  • 2005 — Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары;
  • 2008 — Билим берүү министринин орун басары, кийин Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2008–2010 — Бишкектин вице-мэри;
  • 2010 — КРдин убактылуу өкмөтүнүн аппаратынын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2010–2015 — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2015 — "Пикир" аймактык эксперттер клубунун координатору;
  • 2020-жылы Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Мамлекеттик сыйлыктары: "Манас-1000" медалы, "Бишкек шаарынын алдындагы эмгеги үчүн" ордени, Жогорку Кеңеш, ӨКМ, ИИМ, Билим берүү жана илим министрлигинин, Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ардак грамотасы.

КРдин билим берүүнүн отличниги, Мамлекеттик кызматтын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

20
Белгилер:
өмүр баян
Тема боюнча
Мозгачева Виктория Андреевна — өмүр баяны
Түлөбаев Балбак Зарлыкович — өмүр баяны
Азамат Дороев

Азамат Дороев өмүр баяны

226
Азамат Дороев 1987-жылдын 14-декабрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган. Билими жогорку. 2011-жылы Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы университетти аяктаган. Жаңы информациялар технологиясы боюнча адистикке ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2010-2012 — Бишкек шаарындагы №89 орто мектептин информатика мугалими;
  • 2012, апрель — Свердлов районундагы №18 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын уюштуруу иштери боюнча башкы адиси;
  • 2012, апрель-сентябрь — Свердлов районундагы Социалдык өнүктүрүү боюнча башкармалыктын Үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2012, сентябрь — Свердлов районундагы социалдык тармак жана уюштуруу бөлүмүнүн атайын адиси;
  • 2012, сентябрь - 2013, октябрь — Бишкек шаарындагы №18 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басары;
  • 2013 — Ленин районунун Турак жай чарба бөлүмүнүн жана жергиликтүү аймактык башкармалыктарды өнүктүрүү боюнча адиси;
  • 2014-2016 — "АлРус секьюрити" акционердик коомунун аткаруучу директору;
  • 2016-2017 — Бишкек мэриясынын муниципалдык администрациясынын Октябрь райондук жетекчисинин орун басары;
  • 2017, июнь-декабрь — Бишкек мэриясындагы уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысынын орун басары;
  • 2018, март-июль — Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2018-2020 — Октябрь райондук уюштуруу жана кадр иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2020, 27-июль — мэриянын муниципалдык администрациясынын Октябрь райондук администрациясынын жетекчиси — аким.
226
Белгилер:
аким, Октябрь району, Бишкек
Буурчак. Архив

Окумуштуулар кайсы өсүмдүк жүрөк ооруларына, кант диабетине жардам берерин айтты

0
(жаңыланган 08:32 09.08.2020)
Буурчак дандары (буурчак, кой буурчак, жасмык) жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебинен адамдагы кант, холестерин азаят.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Буурчак өсүмдүктөрү кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүп, жүрөк ооруларын алдын алат. Бул тууралуу “Известия” жазып чыкты.

Канададагы Гуэлфск университетинин дарыгерлеринин айтымында, буурчак азыктар жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебенин организмдеги кант жана холестерин азаят.

Ал эми Food.news интернет порталы жогорудагы өсүмдүктөр кан тамырларды жабыркатпай турганын жазат. Бирок ошол эле маалда аны бардык илдеттерге шыпаа болот деп санабоо керектигин эскертет.

Чач түшпөсүн, тырмак сынбасын десеңиз... С витамини көп 8 азыктын тизмеси

Анын курамында түрдүү клетчатка жана белок арбын. Адистер андан тамак-аш даярдоо алдында буурчактарды сегиз саатка чейин сууга чылап койсо, көбүүрөк пайда болорун баса белгилешет.

0
Белгилер:
төө буурчак, Окумуштуулар, ден соолук
Тема боюнча
Сексолог төшөк мамилесин арттырууга жардамчы болгон азыктарды санап берди
Көмөч казан эскирип калганын кантип билсе болот? Шеф-повардан кеңештер