Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович

Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович өмүр баяны

530
Спортчу Гүлжигит Алыкулов 2000-жылы 25-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төрөлгөн. Бишкектеги №42 орто мектепти бүтүргөн.

Белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу. Агасы Манас Алыкулов — шоумен, тамада. Гүлжигит бойдок.

Футбол менен бала чагынан машыгып келет. "Дордой" клубунун тарбиялануучусу. 2019-жылдан тарта улуттук курама команданын мүчөсү. Кыргызстандын Мьянма жана Монголия менен болгон беттештеринде бирден гол киргизген.

Спорттук карьерасы

  • 2017-2018 — Түркиянын "Антальяспор" клубунда ойногон;
  • 2018 — "Кара-Балта" клубунун жогорку лигасында, "Алга" курамында мелдешкен;
  • 2019-жылдан тарта Белоруссиянын "Неман" клубунда ойнойт.
530
Белгилер:
Гүлжигит Алыкулов, өмүр баян, спорт, футболчу, Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова

Солтонбекова Ализа Карыпбековна өмүр баяны

8219
(жаңыланган 22:22 25.11.2020)
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова 1978-жылы 5-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн.
  • Билими:
    1999-жылы Бишкектеги Алиаскар Токтоналиев атындагы финансы экономикалык техникумунун "өндүрүштүк ишканалардын финансысы" адистигин артыкчылык менен аяктаган;
  • 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "финансы жана кредит" адистигин артыкчылык менен аяктаган;
  • 2011-жылы Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын "менеджмент" адистигин бүтүргөн;
  • 2016-жылы Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиянын "эл аралык мамилелер" адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1995-1998 — Н. Биримкулов атындагы орто мектебинин мугалими;
  • 1999-2003 — Ивановка айылындагы №1 орто мектебинин мугалими;
  • 2003-2004 — Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрайымы, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча адис;
  • 2004-2008 — Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;
  • 2008-2010 — Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
  • 2012-2017 — Өкмөттүн аппаратында каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018 — Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык суроолор боюнча орун басары;
  • 2018-2020 — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары.
  • 2020-жылдын 25-ноябрынан тарта эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

8219
Белгилер:
справка, таржымал, кызмат, Өмүр баяны, министр, Ализа Солтонбекова
Тема боюнча
Ализа Солтонбекова министрлик ишине расмий киришти
Зулпиев Бектур Рысбаевич — өмүр баяны
Портфель. Архивдик сүрөт

Зулпиев Бектур Рысбаевич өмүр баяны

366
(жаңыланган 11:45 19.11.2020)
Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев 1965-жылы 28-сентябрда Ош шаарында туулган.

Билими:

1982-жылы Ош облусунун Базар-Коргон районундагы Макаренко атындагы орто мектепти аяктаган. Ушул эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырган. 1983-жылы СССР Куралдуу күчтөрүнүн катарына аскерге чакыртылган. 1985-жылы келип окуусун кайра уланткан.

1987-жылы 3-курсту бүткөндөн кийин Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетине которулган.

Эмгек жолу:

  • 1995 — Теория, мамлекеттик тарых жана укук кафедрасында улук окутуучу;
  • 1997 — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2001 — Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси;
  • 2005-2009 — Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2009 — КР президенттик аппаратынын юридикалык кызматынын жетекчиси;
  • 20.10.2020 — президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары.

Коомдук иштери:

  • 1995-жылы шайлоо талаштары боюнча жумушчу топтун мүчөсү;
  • Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча эксперттик топтун мүчөсү (1998-жыл жана 2003-жыл);
  • КР Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (1997, 2001, 2004-жыл);
  • Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин мүчөсү;
366
Белгилер:
Бектур Зулпиев, президент, аппарат, Өмүр баяны
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

359
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

359
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда