Бекматов Абдыжапар Гапырович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель председателя ЦИК Абдыжапар Бекматов
Заместитель председателя ЦИК Абдыжапар Бекматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдыжапар Бекматов 1961-жылдын 15-январында Ош облусунун Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулган.

Билими:

1983 — Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун аяктаган;

2008 — Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1983 – 1987 — Ноокат районундагы Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык дарыгери, башкы дарыгери;
  • 1987 – 1990 — Комсомолдун Ноокат райондук комитетинин II катчысы.
  • 1990 – 1991 — Компартиянын Ноокат райондук комитетинин партиялык уюштуруучусу;
  • 1991 – 1995 — Ноокат райондук ветсанотрядынын жетекчиси;
  • 1995 – 1996 — Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы;
  • 1996 – 2000 — Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • 2000 – 2002 — "Темир" мамлекеттик ишканасынын аткаруучу директору.
  • 2002-2010 — КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү;
  • 2010 – 2015 — КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты. Жогорку Кеӊештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
  • 2016-жылдын июнь айынан тарта КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары.

Башка маалыматтар:

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Евразия парламенттер аралык Ассамблеясынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0