Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев тууралуу эмне белгилүү?

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКостюмчан адам. Архив
Костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын реестриндеги маалыматтар боюнча Сыргак Кенжебаевге таандык беш компания бар.

Кенжебаев Сыргак Медеркулович 1982-жылы 16-июнда төрөлгөн. 

Ачык маалымат булактары боюнча ал "Ак-Тилек" партиясынын мүчөсү.

2013-жылдары Камсыздандыруучулар ассоциациясынын төрагасы болуп иштеген.

2018-жылдары Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчисинин орун басары болгон.

ЖМКларга 2016-жылдары чыккан маалыматтар боюнча, Кенжебаев "Страховая компания "Арсеналъ-Кыргызстан" ЖЧКсын жетектеген. Аталган компания 2017-жылы кайра каттоодон өтүп, жетекчиси Арзыматов Сыргак Жумадилович болгон. Ал өмүрдү камсыздандыруу менен алектенет.

Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын реестриндеги маалыматтар боюнча Сыргак Кенжебаев төмөнкү компаниялардын жетекчиси болуп саналат:

"АГЭСИА" Жоопкерчилиги чектелген коому. Негизги ишмердиги - борбордук кеңселердин ишмердигине байланышкан (Основной вид деятельности - Деятельность центральных офисов). Компания 2015-жылы кайра каттоодон өткөн.

"Кыргызстан автомобилисттеринин кыймылы" Республикалык коомдук бирикмеси. Бул мекеме коомдук иштер менен алектенери жазылган. Ал 2007-жылы каттоодон өткөн.

"ЮниЛаб Ритейл" жоопкерчилиги чектелген коому. Негизинен өсүмдүк өстүрүү жаатында түрдүү кызматтарды сунуштайт. Компания 2015-жылы катталган.

"Кыргыз кайра камсыздандыруу компаниясы" Ачык акционердик коому, 2009-жылы катталган.

"Сапфир" жоопкерчилиги чектелген коому, 2019-жылы 11-ноябрда кайра каттоодон өткөн. Негизинен дүң соода боюнча иш алып барары жазылган. Негиздөөчү (катышуучулары) катары Мотайлифу Маймайтяминг менен Ерланбай Телеушев Колдыбаевич көрсөтүлгөн.

Эске салсак, кечээ, 19-декабрда, УКМК Ширин Айтматованын жарандык никедеги жолдошу Сыргак Кенжебаевди алдамчылыкка шектүү катары кармаган. Маалыматка караганда, УКМКга кытай жараны 350 миң долларын Сыргак Кенжебаев аттуу кыргызстандык адамга алдатып жибергенин айтып кайрылган. Шектүү аткезчиликке байланыштуу дагы бир иште фигурант катары жүргөнү айтылды

 

Жаңылыктар түрмөгү
0