Шамшиев Болот Төлөнович

Шамшиев Болот Төлөнович өмүр баян

660
(жаңыланган 00:40 22.12.2019)
Белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде (азыркы Бишкек шаарында) жарык дүйнөгө келген.

Билими:

  • 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1964-1990 — "Кыргызфильм" киностудиясында режиссёр-коюучу;
  • 1989-1995 — Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 1990 — "Салам-Алик" жеке кинокомпанияны негиздеп жетектеген;
  • 1995 — "Манас" эпосунун 1000 жылдыгындагы театрлаштырылган оюн-зооктун башкы режиссёру;
  • 1998 —1999 — Туризм жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
  • 2000 —2002 — Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги консулу.

Узакка созулган оорудан улам 2019-жылы 21-декабрда көз жумган.

Тарткан тасмалары:

  • "Караш-караш";
  • "Ысык-Көлдүн кызгалдактары";
  • "Сүйүү закымдары";
  • "Ак кеме";
  • "Эл арасында"
  • "Эрте келген турналар";
  • "Бөрү зындан";
  • “Снайперлер";
  • "Фудзиямадагы кадыр түн".

Көп тасмага сценарист болгон. 1963-жылы студент кезинде "Зной" тасмасында сүрөтчү Кемелдин образын жараткан.

Шамшиев бир топ сыйлыктардын ээси, арасында Кыргыз ССРинин (1975) жана СССР эл артисти наамы да бар (1991).

660
Белгилер:
өмүр баян, Болот Шамшиев
Тема:
Болот Шамшиев дүйнө салды (12)