Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековСыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович
Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурбек Сыдыгалиев 1973-жылы 15-августта туулган. 1990-1995 — Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде "Бухгалтердик учет, көзөмөл жана чарбалык анализ иштери" адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1995-2002 — Жеке ишкерлик менен алектенген;
2002-2006 — "Асейин" өндүрүштүк коммерциялык фирмасынын директорунун орун басары;
02.04.2007-22.10.2007 — Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
2008-2010 — "Спорт биримдиги" спорттук уюмунун директору;
09.04.2010-02.09.2010 — "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
2011-2012 — "Чакан ГЭС" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары;
2012-2016 — өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
2019-жылдын декабрь айында "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп мандат алды.
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
2011-жылдан бери Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти.
"Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси" класстык чини бар. Нарын облусунун "Жумгал районунун ардактуу атуулу" наамын алган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0