Раззаков Исхак Раззакович — өмүр баяны

© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРРаззаков Исхак Раззакович
Раззаков Исхак Раззакович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин таржымалынан окуңуздар. Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң айылында төрөлгөн. Үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан айрылган.

Хожент шаарындагы Ленинабад балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алып, 1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду, 1936-жылы Москвадан пландоо институтун бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү:

  • 1939-1940 — Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин алдындагы мамлекеттик пландын төрагасы;
  • 1940-1944 — Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары;
  • 1941-1944 — Өзбек ССРинин Агартуу элдик комиссариаты;
  • 1944-1945 — Өзбек ССРинин Компартиясынын катчысы;
  • 1945-1950 — Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы;
  • 1950-1961 — Кыргыз Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон;
  • 1961-1962 — СССРдин мамлекеттик экономикалык кеңешинин мүчөсү;
  • 1962-1965 — СССР министрлер кеңешинин алдындагы мамлекеттик илимий-экономикалык бөлүмдүн башчысы;
  • 1965-1967 — СССР министрлер кеңешинин мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы.

Сыйлыктары:

Эки ирет Ленин сыйлыгы жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2016-жылы "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылган.

Үй-бүлөсү

Жубайы Рауза Ибрагимова менен Элмира, Эркин, Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялашкан.

Раззаков 1979-жылы 18-мартта Москвада каза тапкан. Кийинчерээк сөөгү Кыргызстанга көмүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0