Жоробеков Жеңишбек Мамаюнусович — өмүр баян

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиЖалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков
Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку билимдүү. Жалал-Абадда 1970-жылдын 9-майында туулган. ИИМдин Бишкектеги жогорку милиция мектебин аяктаган. Андан соң Түркиянын полиция академиясынан билим алган. Юридика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

  • 1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1992 — Сузак районундагы мектепте дене тарбия мугалими;
  • 1996-1997 — Бишкек шаарындагы Ленин райондук ИИБдин инспектору;
  • 1997 — Бишкек шаардык ИИББдин "Бүркүт" ыкчам-мобилдик тобунун кызматкери;
  • 1997-1998 — Бишкек шаардык ИИББдин "Бүркүт" ыкчам-мобилдик тобунун ага кызматкери;
  • 1998-2001 — Бишкек шаардык ИИББдин "Бүркүт" ыкчам-мобилдик тобунун ага командири;
  • 2001-2004 — Бишкек шаардык ИИББдин өзгөчө оор кылмыштар бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;
  • 2004-2005 — ИИМдин Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2005-2006 — Бишкек шаардык ИИББдин кылмыш издөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 2006-2007 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБдин тергөө иштери боюнча орун басары;
  • 2007-2008 — Бишкек шаарынын кылмыш издөө бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2008-2009 — Чүй облусунун Москва райондук милициясынын жетекчиси;
  • 2010-2013 — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук милициясынын жетекчиси;
  • 2013 (июнь) - 2017 (февраль) — Жалал-Абад облустук ИИБдин жетекчиси;
  • 2017 (август) - 2018 (май) — Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2018 (май) — ИИМдин Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иштөө боюнча кызматынын жетекчиси;
  • 2020 (24-март) — Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты.
Жаңылыктар түрмөгү
0