Иманалиева Эльмира Сансызбаевна — өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева
Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эльмира Иманалиева 1965-жылы 22-октябрда төрөлгөн. 1988-жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган. Учурда Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы.

Эмгек жолу:

  • 1988–1990 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин политология кафедрасында мугалим;
  • 1990–1993 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин политология кафедрасынын аспиранты;
  • 1993–1997 — Биринчи май районунун билим берүү бөлүмүнүн директору;
  • 1997–1999 — Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын социалдык маселелер боюнча комитетинин эксперти;
  • 1999–2001 — Социалдык чөйрөдөгү атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси, кийин КР президентинин алдындагы Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү улуттук комиссиясынын методология жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001–2002 — Бишкек шаарындагы Биринчи май билим берүү борборунун директору;
  • 2002–2005 — Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары;
  • 2005 — Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары;
  • 2008 — Билим берүү министринин орун басары, кийин Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2008–2010 — Бишкектин вице-мэри;
  • 2010 — КРдин убактылуу өкмөтүнүн аппаратынын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2010–2015 — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2015 — "Пикир" аймактык эксперттер клубунун координатору;
  • 2020-жылы Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Мамлекеттик сыйлыктары: "Манас-1000" медалы, "Бишкек шаарынын алдындагы эмгеги үчүн" ордени, Жогорку Кеңеш, ӨКМ, ИИМ, Билим берүү жана илим министрлигинин, Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ардак грамотасы.

КРдин билим берүүнүн отличниги, Мамлекеттик кызматтын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0