Алымкадыр Бейшеналиев. Архив

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин өмүр баяны

186
(жаңыланган 18:20 14.10.2020)
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович 1960-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Алмалуу айылында туулган.

Билими:

  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатура факультетин аяктаган. Медицина илимдеринин доктору.

Эмгек жолу:

  • Эмгек жолун хирургия факультети кафедрасынын ассистенти болуп баштаган;
  • 1998 — КММА доценти, хирургия тармагында адис;
  • 120дан ашык илимий эмгек, беш монография жарыялаган.
  • 2020-жылдын 14-октябрында Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамына кирип, саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Алымкадыр Бейшеналиевдин өмүр баяны дагы толукталат.

186
Белгилер:
таржымал, өмүр баян, министр, өкмөт
Байтерек Галина Жумабековна

Байтерек Галина Жумабековна өмүр баяны

638
(жаңыланган 16:25 29.10.2020)
Галина Байтерек 1971-жылы 19-июлда Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Ровное айылында туулган.

Билими:

  • 1990-1996 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1994-2001 — "Баластан" балдар студиясында режиссёр, алып баруучу жана редактор болуп иштеген. "Великолепная семёрка", "Баарын билгим келет", "Сами с усами", "Наристе Аземи", "Веселые нотки" долбоорлорунун автору.
  • 2002-2004 — КТРКнын "Күндүзгү берүүлөр блогу" берүүсүндө серепчи, "Күндүн темасы" аналитикалык программанын алып баруучусу;
  • 2004-2006 — КТРКда "Арноо концерти" коммерциялык каналынын режиссёру;
  • 2007-2008 — КТРКда социалдык-экономикалык жана инновациялык берүүлөр редакциясынын редактору. Түз эфирде "Ала-Тоо плюс", "Эл билгиси келет", "Акцент" берүүлөрүн алып барчу;
  • 2009-2010 — ЭлТР телеканалы, "Апта жыйынтыгы" аналитикалык программасынын алып баруучусу, серепчи;
  • 2010-2015 — КТРКда социалдык-экономикалык жана инновациялык берүүлөр редакциясында саясий серепчи, "БШК маалымдайт", "Эл билгиси келет" программаларынын, "Эркин микрофон" ток-шоусунун алып баруучусу. "Стратегия 2040" аттуу президенттик программанын алып баруучусу;
  • 2020-жыл, 29-октябрь — президенттин маалымат катчысы.

Сыйлыктары:

  • "КТРКнын отличниги". Жыл сайын "Слово Кыргызстана" жана "Кыргыз туусу" гезиттеринин "Мыкты редактор" сыйлыктарын алып жүрөт.

Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.

638
Белгилер:
өмүр баян, Галина Байтерек
Уркуи Салиеванын Бишкектеги эстелиги. Архивдик сүрөт

Уркуя Салиева өмүр баяны

64
(жаңыланган 18:35 26.10.2020)
Отузга чыкпай жатып эркиндик үчүн жанын берген Жумабай кызы (Салиева) Уркуя 1910-жылы (кээ бир маалыматтарда 1907-жылы) Ош облусунун азыркы Ноокат районунун Тактек (Беш-Бурхан) кыштагында жарык дүйнөгө келген.

Энеси Бүбүкан менен атасы Жумабай ошол кездеги кедей-дыйкандардын катарындагы үй-бүлөлөрдүн бири болгон. 

Политический деятель, активистка общественных преобразований, борец за свободу Уркуя Салиева. Снимок из книги Уркуя Умутай Эралиевой
© Фото / предоставлено Умутай Эралиевой
Кыз-келиндердин азаттыгы, теңчилиги, совет өкмөтүнүн идеологиясы үчүн күрөшүп, жашоосу трагедиялуу аяктаган Уркуя Салиева

Эмгек жолу:

  • 1928 — Түштүк кыргызстандык кыздардын алгачкыларынан болуп комсомолдун катарына өткөн;
  • 1928-жыл, октябрь —1-Май айыл кеңешинин төрайымы;
  • 1929-жылы райондогу алгачкы "Кызыл аскер" колхозун уюштурган.
  • 1930-жылы ВКП(б)нын мүчөлүгүнө кандидат катары кабыл алынган;
  • 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына биринчилерден болуп өткөн.
  • 1932-1933 — 1-Май (Меркит-Мүркүт) айыл кеңешинин раиси;
  • 1934 — "Кызыл аскер" колхозунун раиси;
  • 1934-жыл, 6-февраль — түн ичинде басмачылар мыкаачылык менен Уркуя Салиева жана күйөөсү Колдош Салиевди мууздап кетишет. Уркуянын аркасында үч баласы — сегиз жашар кызы Айниса, үч жашар уулу Кеңеш, беш күндүк ымыркайы калат. Бирок алгач ымыркайы чарчап калат, андан кийин ата-энесинин мууздалып жатканын өз көзү менен көрүп турган кызы Айниса тилден калып, узак жашабай каза болот. Балдарынын ичинен Кеңеш гана тирүү калган.

Өлүмдөн кийинки өмүрү:

  • 1966 — жазуучу Насирдин Байтемиров Уркуя Салиева тууралуу "Тарых эстелиги" деп аталган тарыхый-документалдуу романын жазган;
  • 1972 — режиссёр Төлөмүш Океев "Отко таазим" ("Уркуя") кинофильмин тарткан;
  • 1978 — Скульптор Тургунбай Садыков, архитектор Геннадий Кутателадзе прототиби Уркуя Салиева болгон "Революциянын каармандарына" эстелигин тургузушкан.
64
Белгилер:
справка, өмүр баян, Уркуя Салиева, Ноокат, Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

0
(жаңыланган 18:17 29.10.2020)
Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган. Тараптар дал ушул маселени талкуулашты.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча сүйлөшкөн.

"Кыргыз тарап өлкөдөгү медициналык окуу жайларды кара тизмеден чыгаруу маселесин чечүү жолдору боюнча Пакистандын КРдеги элчилигине расмий кат жолдоого милдеттенди. Пакистан тарап бул маселенин тез арада чечилишине жана КРде билим алган пакистандык студенттердин көбөйүшүнө кызыкдар экенин билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Министр Бейшеналиев мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдорго эл аралык аккредитациялардан өтүү, чет элдик жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык, лабораториялык-клиникалык базаларды жакшыртуу сыяктуу бир катар талаптар коюла турганын айтты.

Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган.

Болочок медиктерге 90 бюджеттик орун бөлүндү. Вирустун кесепетин эске алып.

Мындан сырткары, жолугушууда билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташуу дагы талкууланган.

0
Белгилер:
окуу жай, жолугушуу, элчи, министр, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби