Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековСагынбаев Жыргалбек Калмуратович
Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1971-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик УСТА университетинен дипломатиялык жана юридикалык жогорку билимге ээ болгон.

Кечээ, 14-октябрда, Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы болуп дайындалды.

Эмгек жолу:

  • 1989-1991 — Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1992-1994 — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде иштеген;
  • 1994-1996 — “Жибек жолу” биргелешкен ишканасынын коммерциялык директору;
  • 1996-2002 — “Кыргызкурулуш” АКда адис, башкы адис, бөлүм башчы, президенттин кеңешчиси, компаниянын биринчи вице-президенти;
  • 2002-2009 —Өкмөттүн алдындагы “Кыргызресурс” ишканасында генералдык директор, КРдин президентинин экспорт маселелери боюнча кеңешчиси;
  • 2009-2011 — КРдин Коргоо министрлигинин алдындагы “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
  • 2014-2015 — “Ореми – Тэжелектромаш” заводунун генералдык директору;
  • 2015-2018 — “Кыргызкурулуш” компаниясынын президенти;
  • 2015-2018 — КРдин Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясынын төрагасы, президенти, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин мүчөсү;
  • 2018-2019 — КРдин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
  • 2020-жылдын октябрына чейин өкмөтүнүн аппаратынын стратегиялык пландаштыруу жана анализдөө тобунда иштеген;
  • 2020-жылдын 14-октябрында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси болуп дайындалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0