Портфель. Архивдик сүрөт

Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович өмүр баяны

179
(жаңыланган 16:06 18.10.2020)
Айбек Бузурманкулов 1983-жылы Талас облусунун Көк-Токой айылында туулган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын "экономика жана башкаруу" факультетин аяктаган.
  • 2006 – "Реемтсма Кыргызстан" ААКында TIP-программасы боюнча аудитор;
  • 2006 – 2010 – "БТА Банк", микрокредит бөлүмүнүн адиси;
  • 2010 – 2011 - "БТА Банк", микрокредит бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2011 - 2013 - "БТА Банк", микрокредит бөлүмүнүн башкы адиси, сектордун;
  • 2013 – "Кыргызстан" банкы, кредит бөлүмүнүн башчысы;
  • 2013 - 2015 – "Кыргызстан" банкынын "Учкун" филиалында кредит бөлүмүнүн башчысы;
  • 2015 – 2017 – "Кыргызстан" банкынын "Бишкек парк" филиалында кредит бөлүмүнүн башчысы.

Үй-бүлөлүү, үч кыз, эки уулдун атасы.

179
Байтерек Галина Жумабековна

Байтерек Галина Жумабековна өмүр баяны

707
(жаңыланган 16:25 29.10.2020)
Галина Байтерек 1971-жылы 19-июлда Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Ровное айылында туулган.

Билими:

  • 1990-1996 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1994-2001 — "Баластан" балдар студиясында режиссёр, алып баруучу жана редактор болуп иштеген. "Великолепная семёрка", "Баарын билгим келет", "Сами с усами", "Наристе Аземи", "Веселые нотки" долбоорлорунун автору.
  • 2002-2004 — КТРКнын "Күндүзгү берүүлөр блогу" берүүсүндө серепчи, "Күндүн темасы" аналитикалык программанын алып баруучусу;
  • 2004-2006 — КТРКда "Арноо концерти" коммерциялык каналынын режиссёру;
  • 2007-2008 — КТРКда социалдык-экономикалык жана инновациялык берүүлөр редакциясынын редактору. Түз эфирде "Ала-Тоо плюс", "Эл билгиси келет", "Акцент" берүүлөрүн алып барчу;
  • 2009-2010 — ЭлТР телеканалы, "Апта жыйынтыгы" аналитикалык программасынын алып баруучусу, серепчи;
  • 2010-2015 — КТРКда социалдык-экономикалык жана инновациялык берүүлөр редакциясында саясий серепчи, "БШК маалымдайт", "Эл билгиси келет" программаларынын, "Эркин микрофон" ток-шоусунун алып баруучусу. "Стратегия 2040" аттуу президенттик программанын алып баруучусу;
  • 2020-жыл, 29-октябрь — президенттин маалымат катчысы.

Сыйлыктары:

  • "КТРКнын отличниги". Жыл сайын "Слово Кыргызстана" жана "Кыргыз туусу" гезиттеринин "Мыкты редактор" сыйлыктарын алып жүрөт.

Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.

707
Белгилер:
өмүр баян, Галина Байтерек
Уркуи Салиеванын Бишкектеги эстелиги. Архивдик сүрөт

Уркуя Салиева өмүр баяны

66
(жаңыланган 18:35 26.10.2020)
Отузга чыкпай жатып эркиндик үчүн жанын берген Жумабай кызы (Салиева) Уркуя 1910-жылы (кээ бир маалыматтарда 1907-жылы) Ош облусунун азыркы Ноокат районунун Тактек (Беш-Бурхан) кыштагында жарык дүйнөгө келген.

Энеси Бүбүкан менен атасы Жумабай ошол кездеги кедей-дыйкандардын катарындагы үй-бүлөлөрдүн бири болгон. 

Политический деятель, активистка общественных преобразований, борец за свободу Уркуя Салиева. Снимок из книги Уркуя Умутай Эралиевой
© Фото / предоставлено Умутай Эралиевой
Кыз-келиндердин азаттыгы, теңчилиги, совет өкмөтүнүн идеологиясы үчүн күрөшүп, жашоосу трагедиялуу аяктаган Уркуя Салиева

Эмгек жолу:

  • 1928 — Түштүк кыргызстандык кыздардын алгачкыларынан болуп комсомолдун катарына өткөн;
  • 1928-жыл, октябрь —1-Май айыл кеңешинин төрайымы;
  • 1929-жылы райондогу алгачкы "Кызыл аскер" колхозун уюштурган.
  • 1930-жылы ВКП(б)нын мүчөлүгүнө кандидат катары кабыл алынган;
  • 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына биринчилерден болуп өткөн.
  • 1932-1933 — 1-Май (Меркит-Мүркүт) айыл кеңешинин раиси;
  • 1934 — "Кызыл аскер" колхозунун раиси;
  • 1934-жыл, 6-февраль — түн ичинде басмачылар мыкаачылык менен Уркуя Салиева жана күйөөсү Колдош Салиевди мууздап кетишет. Уркуянын аркасында үч баласы — сегиз жашар кызы Айниса, үч жашар уулу Кеңеш, беш күндүк ымыркайы калат. Бирок алгач ымыркайы чарчап калат, андан кийин ата-энесинин мууздалып жатканын өз көзү менен көрүп турган кызы Айниса тилден калып, узак жашабай каза болот. Балдарынын ичинен Кеңеш гана тирүү калган.

Өлүмдөн кийинки өмүрү:

  • 1966 — жазуучу Насирдин Байтемиров Уркуя Салиева тууралуу "Тарых эстелиги" деп аталган тарыхый-документалдуу романын жазган;
  • 1972 — режиссёр Төлөмүш Океев "Отко таазим" ("Уркуя") кинофильмин тарткан;
  • 1978 — Скульптор Тургунбай Садыков, архитектор Геннадий Кутателадзе прототиби Уркуя Салиева болгон "Революциянын каармандарына" эстелигин тургузушкан.
66
Белгилер:
справка, өмүр баян, Уркуя Салиева, Ноокат, Кыргызстан
Оорукана. Архив

Министрлик: жарык өчкөндө кычкылтек концентраторуна кошулгандар тынчсызданды

0
(жаңыланган 19:13 29.10.2020)
Айгерчинова азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаары жарыксыз калганда оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган жок. Бирок кычкылтек концентраторунда жаткан бейтаптар бир аз тынчсызданды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Эске салсак, ордо калаада бүгүн, 29-октябрда, болжол менен саат 13:10дор чамасында Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүп, кийинчерээк күйгөн.

"Электр жарыгы көп убакытка өчкөн жок. Мындан улам оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган эмес. Анын үстүнө ар бир ооруканадагы реанимациялык блок генераторго туташтырылган. Алар жарык өчкөндө автоматтык түрдө иштейт. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар генератордун жардамы менен үзгүлтүксүз иштеп турду. Ал эми кычкылтек концентраторуна туташкан бейтаптар бир аз дүрбөлөңгө түштү. Анткени генератор палаталарга кошулган эмес. Алар болсо палаталарда жатышат", — деди Айгерчинова. 

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

Ал азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

0
Белгилер:
бейтап, Төрөт үйү, оорукана, жарык берүү, Бишкек
Тема боюнча
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады
Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео