Шатманова Шайиста Рахманбердиевна — өмүр баяны

Жазылуу
Шайиста Шатманова 1981-жылы 16-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Биринчи май айылында туулган.

Билими:

  • 1998 — Мадан Алымбеков атындагы мектеп-гимназиясын аяктаган.
  • 2003 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтун артыкчылык диплом менен бүтүргөн.

Кесиби — журналист.

Эмгек жолу:

  • 2003 — "Кылмыш жана жаза" гезити, кабарчы;
  • 2005 -2007 — "Кылмыш жана жаза" гезити, жооптуу редактор;
  • 2007 — "Супер-Инфо" гезити, кабарчы;
  • 2008 — "Супер-Инфо" гезити, башкы редактор;
  • 2008-жыл, сентябрь — 2020-жылга чейин "Супер-Инфо" гезити, жетекчи;
  • 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган парламенттик шайлоого "Социал-демократтар" саясий партиясы менен талапкер болгон. Ошондой эле аталган партиянын маалымат кызматын жетектеген.
  • 2020-жылдын 19-октябрында премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорлугуна дайындалган.

Сыйлык, наамдары:

  • 2011 — Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган;
  • 2016 — КР президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0