Урманбетов Октябрь Жолдошович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба МВДУрманбетов Октябрь Жолдошович
Урманбетов Октябрь Жолдошович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь Урманбетов 1970-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган.

Эмгек жолу:

Ички иштер органдарындагы кызматын 1992-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынын аймактык инспектору катары баштаган.

  • 1993-1995 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынын аймактык инспектору;
  • 1995-1998 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин №17 шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү (кызматкер);
  • 1998-1999 — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ички иштер органдары боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • 2003-2007 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин начальнигинин орун басары;
  • 2007 — Бишкек шаардык ИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги;
  • 2009-2011 — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИБинин начальниги;
  • 2011-2014 — ИИМдин издөө бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2014 — ИИМдин Кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгынын күбөлөрдү коргоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
  • 2014-2016 — Чүй облустук ИИБдин начальнигинин орун басары;
  • 2016 — Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызматында иштеп келген.
  • 2020-жыл, октябрь – ИИМ жетекчисинин орун басары.
Жаңылыктар түрмөгү
0